21-март Нооруз майрамын утурлай Нурак Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин уюштуруусунда салттуу сплтанаттардын бири болгон кыз-жигиттердин «Сармерден» оюну уюштурулду.
«Сармерден» оюнунун катышуучулары
Аталар тобу
Энелер тобу
«Сармерден» оюнунун катышуучулары өнөрүн тартуулашты
Сармерденге аталган музыкалык мектепте окуган окуучулардын ата-энелери катышып, алар макал-лакап, жаңылмач, табышмак айтуу, улуттук ыр-бийлерди аткаруу, күү чертүү таймашы нан азыктарын даңазалоо жана башка өнөрлөрүн тартуулашты.
Балдар музыкалык мектебинин окуучулары таланттарын тартуулашты
Мындан тышкары, музыкалык мектептин мугалимдери жана окуучулары тарабынан даярдалган чакан концерттик программа тартууланды. Салтанаттын соңунда, ата-энелерге музыкалык мектептин грамоталары жана белектери тапшырылды.
Барчын Мамытбекова