19-март күнү Нарын облусунун Ат-Башы районунда кургак учукка каршы жөө жүрүш болуп өттү. Ага медициналык кызматкерлер менен бир катар мекемелердин өкүлдөрү катышкан.
Жөө жүрүшкө бир катар мекеменин өкүлдөрү катышкан
Маалыматка ылайык Ат-Башы районунун медициналык кызматкерлери тарабынан уюштурулуп, Ат-Башы райондук администрациянын, маданият тармагындагы кызматкерлердин колдоосу менен, жана ошондой эле райондогу мекемелердин, орто мектептердин катышуусу менен кургак учук оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата «Эгерде дарыланууну мүмкүн болушунча эрте баштаса, кургак учук айыгат!», «Кургак учукту бирге жеңебиз!» деген ураан менен жөө жүрүш өткөрүлдү.
Эгерде дарылануу канчалык эрте башталса, кургак учук айыгат
Жөө жүрүштүн негизги максаты- кургак учук оорусу кандай жолдор менен жуга тургандыгын ар бир жаранга жеткизүү, ооруну алдын алуу жана андан айыкса боло тургандыгы тууралуу маалыматты жайылтуу.
Жөө жүрүш борбордук көчөдө
Ал эми райондогу мектептерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, окуучулар арасында дил баяндар, жат жазуулар жазылып жатат.
Асел Үркүнбаева