Жаздын келиши менен Нооруз майрамын белгилөөдө, эң негизгиси бул кыргыз элинин улуттук каада салтын, үрп- адаттарын сактоо менен Нооруз майрамын бүткүл республиканын бардык булуң- бурчтарында белгилеп жаткан учуру.

Майрамдык концерт

Кочкор районундагы Кочкор айылынын борбордук аянтында майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Ага бүт мамлекеттик органдардын жамааттары, жергиликтүү тургундардын коштоосунда улуттук көргөзмөлөр уюштурулду. Кочкор районунун Маданият үйүнүн кызматкерлери майрамдык концерт тартуулашты. Андан тышкары, спорттук мектепте ар кандай спорттук мелдештер өткөрүлдү.

Улуттук көргөзмөлөр


Майрамдык иш-чарага Кочкор администрациянын башчысы Курбанбек Камчиев Кочкор элин Нооруз майрамы менен куттуктап кетти.

Сюита Түмөнбаева