Соң- Көл айыл аймагынын Төлөк айылында Нооруз майрамына карата айыл өкмөтүнүн уюштурулган спорттук оюндар болуп өттү. Ошондой эле мектеп окуучулары эки топ болуп кызуу таймаш өткөрүп беришти. Алар 7- класстын окуучулары ата-энеси менен бирге таймаш курушту. Нооруз майрамында улуттук тамак болгон сүмөлөк да таратылды.

Эстафетанын «Атам, апам жана мен» деп аталышынын себеби окуучулардын ата-энеси да катышкан.

Ноорузун майрамынын ачылышын маданият кызматкери Сабира Сарыгулова ачты

Сөз башы «Соң-Көл» айыл аймагынын башчысы Сүйүнбек Табалдиев менен башталды

Таймаштын калыстар тобу

Салтка ылайык алас айтып жерге, элге ырыскы тиленди

7-а класстан түзүлгөн «Чагылган» тобу

7-б класстын тобу «Аманат» деп аталган

Топтор саламдашуу менен бирге топтун атын чечмелеп беришти

Аманат тобу

Оюн жеңил чуркоо менен башталды

Таяк тартыш оюну

Аркан тартыш

Эл сүмөлөк ооз тийишти

Оюнда бала менен эненин жакындыгы билинди

Кызыктуу оюндардын бири

Жеңди деп «Чагылган» тобу табылды

Таймаштын соңунда спорттук мелдештер болду
Айпери Марлес кызы