Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында быйыл Нооруз майрамы жылдагыдан айырмаланып белгиленди. Жыл сайын Суусамыр айыл өкмөтү тарабынан уюштурулуп келген майрамдык иш-чаралар белгилүү себептерге байланыштуу 9-майга жылдырылды.
Нооруз күнү айылда улак тартыш, ат чабыш сыяктуу улуттук оюндар гана өткөрүлүп, салттуу майрамдык программа толук уюштурулган жок. Бул чечим жергиликтүү тургундар үчүн өкүнүчтүү болгон.
Ошого карабастан, айыл эли майрамды өз күчү менен белгилөөнү чечти. Турмуштук шартка карабай, ар ким өз үйүнөн тамак-аш алып чыгып, улуттук оюн-зооктор уюштурулуп, майрамдык маанай жаратылды.
Белгилей кетсек, мындай демилге Суусамыр айылынын тургундары тарабынан алгачкы жолу уюштурулду. Иш-чарага катышкан коноктор да майрамды көңүлдүү тосуп, жакшы маанайда убакыт өткөрүштү.
Жыйынтыгында, Нооруз майрамы жөнөкөй шартта өткөнүнө карабастан, айыл тургундарынын биримдигин жана ынтымагын чагылдырган маанилүү окуя болду.

Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна