Токтогул району, Чоң-Арык айылындагы Коргол Досу уулу музейинде «Нооруз ынтымактын,токчулуктун майрамы» аттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага алты айылдан командалар катышып таймаш өткөрүштү. Таймашта саламдашуу, бий, ыр, көргөзмө жана улуттук тамак аштар коюлуп, ар бир айылдын тарыхына кенен токтолуп өтүштү. Салтанатка айылдын аксакалдары, ак элечек апалар жана айыл тургундары катышты. Иш-чараны айыл өкмөт башчысы Болот Багымбаев кызматкерлери менен биргеликте уюштуруп, жергиликтүү бюджеттен 60.000 миң сом, демөөрчүлөр тарабынан 50 000 миң сом бөлүнүп берилди.

Берилген тапшырмага ылайык даярданышып, улуттук Нооруз майрамын даңазалап, кийинки муундарга үлгү көрсөтүштү. Терек-Суу, Чоң-Арык, Чолпон-Ата, Ак-Тектир, Мазар-Суу, Кара-Күңгөй айылдарынын тургундары болду. Ар бир айыл боз үй тигип, ичин улуттук буюмдар менен жасалгалап, улуттук тамак-аштардын түрүн коюшту. Кол өнөрчүлөрдүн, ууз чеберлердин колунан жасалган буюмдар көргөзмөгө коюлду. Калыстар шайланып, командалардын эмгектерин, ыр, бий жана кол өнөрчүлүктөрүн баалап, акчалай сыйлыктар менен сыйлашты.

1.Чолпон_Ата айылы, 1-орун 10.000 сом
2.Ак-Тектир айылы, 2-орун 8000 сом
3.Кара-Күнгөй айылы,3-орун 6000 сом
4.Мазар-Суу айылы, 4-орун 4000 сом
5.Терек-Суу айылы, 5-орун 4000 сом
6. Чоң-Арык айылы, 6-орун 3000 сом
«Илгери көжө аш жасап, сүмөлөк кайнатып, каада-салттарды көрсөтүп, улуттук оюндар ойнотулчу. Ошол баалуулуктарыбыздын бүгүнкү күндө да уланып жатканы мени абдан сүйүндүрөт, Бул биздин тарыхыбызга, маданиятыбызга болгон сый-урмат», — деп билдирди айыл тургуну Жеңиш Токторбаев.

«Нооруз майрамы көп жылдан бери майрамдалып келет. Мен 2024-жылы айыл өкмөт башчысы болуп келгенден бери, уюштуруп келебиз. Биздин максатыбыз айыл арасындагы ынтымакты бекемдөө менен улуттук баалуулуктарыбызды даңазалоо жана кийинки муундарга жайылтуу» дейт айыл өкмөт башчысы Болот Багымбаев.

Таймаштын соңунда айыл аксакалдары жана ак элечек апалар элге, жерге амандык тилеп, ак баталарын беришти. Бул таймаш ынтымактын, биримдиктин жана берекенин символу болду.
Даярдаган: Азема Кудуева