21-март Нооруз майрамына карата Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл аймагында майрамдык иш-чара уюштурулду. Иш-чарага Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Абсатар Эшимбаев, өкмөт башчысынын орун басары Мунар Эшанкулов, айылдык кеңештин депутаттары Канымай Тиллебаева, Арапбай Адылов, Бектур Султанов, Зуура Жороева, Махабат Акюлова, Рашит Исраилов, Нуркан Паязова, Ж. Амираев атындагы маданият үйүнүн директору Талантбек Эргешов, аялдар кеңешинин төрайымы Сонунгүл Тагаева, маданият кызматкерлери, айыл башчылар жана айыл тургундары катышты.
Майрамдык программада Кулуштан, Кызыл-Булак, Арык-Тейт, Ак-Чал, Кош-Дөбө жана Кожо-Арык айылдарынын тургундары өз ара таймашып, Нооруз майрамына арналган ыр-бийлерди, ошондой эле кыргыз элинин каада-салттарын чагылдырган сахналык көрүнүштөрдү тартуулашты.
Жыйынтыгында:
1-орун — Кош-Дөбө жана Кулуштан айылдарына,
2-орун — Ак-Чал жана Арык-Тейт айылдарына,
3-орун — Кызыл-Булак жана Кожо-Арык айылдарына ыйгарылды.
Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, айыл тургундары үчүн майрамдык маанай тартуулады.



Кулуштан айылы иш чара учурунда


Кызыл-Булак айылы






Арык-Тейт айылы
Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Абсатар Эшимбаев майрамдык иш-чара тууралуу өз оюн билдирип, тургундарды куттуктады. Анын айтымында, быйылкы Нооруз майрамы жогорку деңгээлде уюштурулуп, айылдардын тургундары мыкты даярдык көрүшкөн.

Абсатар Эшимбаев
“Бүгүнкү майрамдык иш-чара жогорку деңгээлде болуп өттү. Ар бир айыл өзгөчө даярдык көрүп, кыргыз элинин каада-салтын, маданиятын жана улуттук баалуулуктарын чагылдырган мыкты номерлерди тартуулашты. Бул биздин элибиздин ынтымагын, биримдигин жана салт-санаага болгон урматын көрсөтүп турат. Учурдан пайдаланып, Кулатов айыл аймагынын жалпы элин Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Нооруз — жаңылануунун, жакшылыктын жана берекенин символу. Ар бир үйгө тынчтык, ынтымак, ырыскы-береке жана ден соолук каалайм. Жаз майрамы ар бир үй-бүлөгө кубаныч алып келип, жакшы тилектердин орундалышына себепчи болсун”, — деп билдирди.

Калыстар тобу

Маданият кызматкерлери







Кош-Дөбө айылы





Ак-Чал айылы



Кожо-Арык айылы
Даярдаган: Жумагүл Көчкөнбаева