Жайыл районунун Суусамыр айыл аймактык ооруканасында Covid-19 га каршы эмдөө жүргүзүлүп жатат. Бул вакцинаны каалоочу ар бир жаран келип алып кетсе болот.
Covid-19 га каршы эмдөөдөн өтүүнүн себеби тууралуу айылдын ден соолук чыңдоо комитетинин төрайымы Нурзат Райымбекова айтып берди.
«Бул эмдөө боюнча маалыматты мен атайын Бишкек шаарына барып эки окуудан барып өтүп келдим. Ушул атайын Covid-19 га каршы эмдөө боюнча маалыматтарды берип биринчи окууда үч күн окуганбыз, экинчи окууда эки күн окуганбыз. Азыр элди эмдөөгө чакырып, оорунун алдын-алууга үндөп жатабыз.
Бул эмдөөнү негизи 18 жаштан өйдө алат. Азыркы күндө бул эмдөөнү акысыз алып жатышат, мурун кош бойлуу айымдар ала албайт деп айтылган, бирок азыркы күндө кош бойлуу келиндин ичине 22 жума болгондон кийин файзер вакцинасын алса болот».
Covid-19 га каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны көбөйүдө, алардын бири Бексултан Майрамбеков менен маек курдук.
«Covid-19 тууралуу маалыматты интернет булактарынан алдым. Covid-19 га каршы эмдөөнүн биринчи дозасын алып жаткан учурум, мындан ары дагы экинчи учунчу дозасын алам деген үмүттөмүн».
Айзирек Жанышбекова