Нарын районуна караштуу Оттук айылында » Жашыл Мурас» өнөктүгүнүн алкагында жаңыдан ачылып жаткан сейил бакка 100 көк карагайдын, 1000 түп теректин көчөттөрү отургузулду. Жашылдандыруу иштерине Нарын райондук мамлекеттик администрациясы, РОВД, РЭС, Ат-Башы ГЭС, жергиликтүү бийлик, Түгөл уулу Усупбек мектебинин жалпы жамааты, айыл тургундары катышышты.
Жашылдандыруу иштери
Көчөттөрдү отургузуу учуру
Жалпы сейил бакты корууга 430 000 сом акча каражаты жумшалган. Анын ичинен 130 000 сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнсө, 300 000 сом айыл тургундарынан чогулуп каржыланган. Ал эми райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан суу жана жарыктандыруусу каралууда.
Айылдын жаш келиндери жашылдандыруу иштерин жүргүзүп жаткан ишкерлерди тамак менен камсыз кылып турушту.
Анара Мамбеталиева
Оттук айылынын тургуну Анара Мамбеталиева сейил бакты куруу менен кыргыздын маданиятын да өнүктүрүү керек деп эсептейт:
«Жаңыдан ачылып жаткан сейил бак айыл жергеси үчүн абдан жакшы болду. Бул сейил бакка ар кандай оюн зоокторду куруп , кыргыздын нукуралыгын көргөзчү боз үй жана башкаларды тигип дагы да көрктөндүрсө алыстан келген коноктор суктанып, айылыбыздын маданияты көтөрүлмөк. Көчөт отургузуу иштери жүрүп жатканда ата — энелер менен биргеликте барып тамак ашыбызды берип, кичине болсо дагы жардамыбызды бердик. Айылыбыздын босогосу болуп, бул сейил бак көптөгөн адамдардын назарын өзүнө буруп, чоң эс алуучу жайга айланат деп ойлойм.»
Жаратылышты жашылдандыруу, ага кам көрүү ар бир адамдын милдети. Табият менен таттуу мамиледе бол!!!
Баяна Кадырбекова