Ак-Талаа районундагы учурда тоют жана дан эгиндерин оруп-жыюу өнөктүгү башталды. Чаап-жыйналып алынган тоютту өрткө алдырып жиберүү коркунучу бар. Ошондой эле абанын температурасы айрым учурда нормадан жогору болуп жаткандыгына байланыштуу Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери эгин талааларында өрт коопсуздугун алдын алуу иштерин жүргүзүүдө.
Аталган бөлүмдүн кызматкери Бакыт Үтүкеевдин айтканына караганда эгин талааларындагы комбайнерлерго, эгин тартып жаткан унаалардын айдоочуларына өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоону эскертишти.
“Буга чейин эгин талааларда өрт кырсыгы катталган эмес. Бирок ошентсе дагы алдын алуу керек. Эреже боюнча айыл чарба техникаларында өрт өчүргүч, кийиз, шыпыргы, үкөккө кум, күрөктөр болушу шарт. Быйыл райондун аймагында 4095 га эгин аянты чаюылат экен. Дыйкандар көп каражат, күч жумшап өстүрүп алган эгин же тоют чөбүн өрткө алдырып жибербеш үчүн коопсуздук эрежелерин сактап, тамеки чегүүдө ж.б өрткө алып келүүчү иш-аракеттерде этият болуусу керек”,- деди.
Түшүндүрүү иштери райондун аймагындагы Баетов, Кош-Дөбө, Жерге-Тал, Чолок-Кайың, Конорчок, Кара-Бүргөн айылдарында жүргүзүлдү.
Барчын Мамытбекова