Сары-Булак айыл өкмөтүнүн Төлөк айылынын Кең-Суу клубунда балдардын чыгармачылыгын жана талантын өнүктүрүү максатында бир нече ийрим иштеп жатат. Алар – бий, комуз жана кол өнөрчүлүк ийримдери.
Ийримдерге үчүнчү класстан он биринчи класска чейинки окуучулар чектөөсүз катыша алышат. Азыркы күнгө чейин катышкан окуучулар райондук жана шаардык деңгээлдеги иш-чараларга катышып, мыкты байгелерди алып келишти.
Ийримдердин негизги максаты – окуучулардын талантын ачуу менен катар Төлөк айылын дагы да таанытуу.
Кең-Суу клубунун көркөм жетекчиси Салтанат Абласова белгилегендей, учурда ийримдер иштеп жатат жана каалоочулар үчүн эшик ар дайым ачык

Салтанат Абласова куржок жетекчиси

Кол өнөрчүлүк боюнча эмгектер
Куржокко эки топ катышыт. Жалпысынан он кыз катышып, жумасына эки жолу даярдык көрүшөт.

Ийримдин катышуучулары ар кандай иш-чараларга катышып жатышат
Даярдаган: Мирайым Конокбаева