Ысык-көл облусунун Түп районунун Тасма айылында 1910-жылдары айыл турукташып баштаган. Айыл түптөлгөндөн бери айылдык китепкана иштеп жатат.Китепканада 4304 китеп бар. Айылдык китепкананада 16 жыл иштеген Динара Сыдыкова менен маектештик.

Азыркы жаштар китеп окуганга кызыгабы?
-11-класска чейинки класстар да келип окуп турушат. Мектептеги окуучулар сабактан кийин келип окушат. Көбүнчө кенже окурмандар келишет. Пластилинден жаныбарларды жасашат, сүрөт тартышат.
Кандай китептерди балдар көбүнчө окушат?
-Акындардын ангемелерин, кенже окурмандарым жомокторду окушат.
Китепканада канча китептер кандай багыттагы китептер бар?
-4304 китеп бар. Бардык окурмандарга ылайык китептер бар десем жанылышпайм.

Заман талабына ылайык китепкана кандай болуусун каалайсыз?
Эн негизгиси окурмандар окуй турган китептер көп болуп, китепканага компьютерлер, принтерлер, окуучуларга арналган китептер керек .
Китепканада иштегенде кандай кыйынчылыктар болот?
Мурун жаны иштеп баштаганда столдор эски аз , китеп коюлган полкалар дээрлик жок эле. 2013-жылдан баштап Карасаев айыл өкмөтүнүн башчысы Курманбек Кайыков Жазыбаевичтин колдоосу менен отургучтар , китеп койгонго текчелер берилген.
Айылдык маданий иш чараларына катышасызбы?
-Көп катышып турам, китепканада иш чаралар болот, мектепте дагы мугалимдер чакырат ошолорго катышып, окуучулар менен кездешип турам .
Даярдагандар: Нурайым Акунова, Диана Жайлобаева