Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынында малина отургузгандар жылдан жылга көбөйүүдө. Мурда айылдыктар басымдуу бөлүгү картошка, чеснок отургузуп келишсе акыркы учурларда кулпунай, малина, карагат отургузууну өздөштүрүүдө.

Айыл тургуну Рыспек Саадабаев картошканын көп пайдасы тийбегендиктен малина отургузушканын айтат. Учурда кулпунайы дагы бар экенин кошумчалады:

«Жылдан жылга жакшы түшүм берип келе жатат.Убагында картошканы пайдасы тийбегендиктен малина отургузуп көрдүк, 1-жылы жакшы чыкты,2-жылы абдан жакшы,быйыл 3-жылы абдан жакшы түшүм берди.Үй-бүлөбүз менен терсек жетишпей калабыз тегеректен кошуна кыздар келип терип жардам беришет. 15-17 аянт жерге малина отургуздук. Малинанын ортосунда бассейн бар ошол жактагы суу менен насос аркылуу сордуруп суугарабыз. Эрте жазда суу келбейт,калонкадан суугарганга болбойт, суу күтүп калабыз,ошол эле оорчулук жаратты. Аябай бышкан убакта күн сайын терип турабыз азыр эми эки,үч күндө бир теребиз.Каракол шаарына алып барып өткөрөбүз, кошуналар варенье жасаганга сатып алышат.Малина өзүнүн акчасын актап жакшы эле киреше алып келет.
Малинаны кийин дагы кеңейтели деген планыбыз бар.Биздин климат малинага таасир этпейт.Биздики полька деген сорт, Ысык-Көл өрөөнүнө ыңгайлуу,убагында бышат,убагында терилет жана кышкыга калбайт. Эмки жылы парник койдуралы деген планыбыз бар.»-дейт Рыспек Саадабаев.
Айыл тургуну Индира Сагынаева үй-бүлөсү менен 2 жылдан бери малина отургузуп келишет. Кийинки жылы карагат отургузууну пландап жатышканын билдирди:

«Малинаны балабыз Москвада жүрүп, элдер кандай иштетип атканын көрүп,биз дагы малина отургузалы деп ошондуктан малина отургуздук.Башында малинаны үй-бүлөбүз менен терип атканбыз анан ортосунда көбөйүп калганда киши алып кишилер менен чоогу тердик. Малинанын ортосун жумшартып, витамин берип,кык төгүп, тамчылатып суугарабыз.Малинаны 2 күндүн биринде терип,базарга алып барып сатып турабыз.Малина өзүнүн акчасын актап,жакшы эле киреше алып келет.“-дейт Индира Сагынаева.
Даярдаган: Адилия Акунова, Айбийке Мирбекова.