Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында 2021- жылы курулуп баштаган күрөш зал пайдаланууга берилүү алдында турат. Жаңы машыгуу залы бардык талаптарга жооп берген, заманбап район боюнча алгачкы курулуштардын бири болуп калат.

Учурда спортчулар мектептин бир кабинетинде машыгып жатышат. Тренер Тилекмат Атагуловдун айтымында жаңы зал ачылса көбүрөөк бала машыкканга мүмкүнчүлүк болот:
» Азыркы кичине залыбыздан көптөгөн Кыргызстандын чемпиондору чыкты, ошол эле залдан Азияга чыктык. Дүйнөлүк биринчиликтен бир балабыз 3- орунду алды. Эми жаңы залдан дүйнө чемпион чыгат деп аракет кылабыз. Ушул кичинекей залга карабастан азыркы учурда 30 бала машыгат. Ал эми жаны залга 50-60 бала алабыз деп жатабыз. Жаңы залдын шарттары жакшы» .

Күрөшкө 4 жылдан бери катышып келе жаткан Нурсултан Муканбетов жаны зал ачылса жакшы болоорун айтты:
«Мен 10 жашыман бери күрөшкө катышып келем. Мен келечекте олимпиадалык чемпион болгум келет. Жаңы зал ачылса абдан бизге жакшы болот анткени бардык шарттары бар болмок» -деди.
Ысык -Көл облусунун Түп районунун Тасма айыл аймагынын айыл башчысы Ырыскелди Байсариев район боюнча заманбап бардык шарттары бар кенен зал болорун билдирди:

» Бул залдын ачылышын октябрь айынын башында кылабыз деп пландап жатабыз. Залдын курулушу 2021- жылы башталган, ортодо убактылуу курулуш иштери токтолуп калган. Токтоп калганынын себеби облустук каржылоо фонду убактылуу иштебей калган, кайра иштеп дагы акча бөлүп берген. Жалпы бюджет 24-27 млн сом болгон.
Кудай буюрса зал ишке берилсе айыл тургундары учун ыңгайлуу, бардык шарттары бар зал болот»

Белгилей кетсек Тасма айылында спортко кызыккан жаштар үчүн грек-рим күрөшү боюнча ийрим көп жылдан бери иштеп келет. Жаңы ачылган күрөш залы көп балдарды спортко кызыгуусун арттырат.
Даярдагандар: Мадина Үсөнова, Тунук Жумадылова