Азыркы учурда өлкө жарандарынын көпчүлүгү такси кызматын көрсөтүү менен киреше таап жаткандыгы баарына белгилүү. Бүгүнкү күнү орто эсеп менен Кыргызстанда 100 миңден ашуун такси айдоочусу болсо, анын 70 % Бишкек шаарында жана калганы аймактарда эмгектенишет. Мындай билдирүүнү Яндекс Кыргызстандын башкы директору Тилек Сулайманов журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, айдоочулардын саны кышкысын көбөйөт, башка мезгилде азайганы байкалат. Себеби, алар күн жылуу кезде башка ишмердүүлүк менен алектенишет (курулуш, айыл-чарбачылыгы). Такси айдоочулардын жаш курагы да ар кандай, студенттен баштап 60 жаштан ашкан мырзалар жана айымдар дагы үйбүлөсүн ушул ишмердүүлүк аркылуу багып келүүдө. Алардын катарында майыптыгы бар жарандар да бар.

“Орто эсеп менен эгерде айдоочунун унаасы ижарага алынган болсо жана ал күн сайын 8 сааттан иштесе, анын таза кирешеси айына 50 миң сомго чейин жетет. Ал эми өзүнүн унаасында кызмат көрсөтсө бул киреше 80 миң сомго чейин чыгат”- деп билдирди Тилек Сулайманов.
Мындан сырткары жакындан бери, такси кызматына кирүүнүн тартибине да кошумча талаптар киргендиги маалым болду. Адистин айтымында айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жана жоопкерчилигин жогорулатуу максатында такси айдоочусу болуу үчүн: атайын лицензия, соттолбогондугу тууралуу маалым кат, ОСАГО, техникалык жана медициналык кароодон өткөндугу тууралуу маалыматтар талап кылынат.