2024-жылы Нарын облусуна дем берүүчү гранттардын эсебинен 43 долбоорго акча каражаты бөлүнгөн. Анын катарында Кочкор районунун Төлөк айылындагы Соң-Көл орто мектебинин жылуулук системасы киригизилген. Ал долбоор ишке ашып, мектептин жылуулук системасы толугу менен жаңыртылды.
Кочкор району боюнча дем берүүчү гранттын эсебинен 11 объектиге акча каражаты бөлүнгөн. Бөлүнгөн акчанын 800 000 сому Соң-Көл орто мектебинин жылуулук системасына жумшалды. Мектептин эски жылуулук системасы 1986-жылы мектеп курулганда салынган. Бирок ал талапка жооп бербей, класстарды толук жылыта алган эмес. Ал жылуулук системасы 25 жана 15 диаметрден турган түтүкчөдөн гана коюлган.
Ал эми азыркы жылуулук системасынын шаймандары Түркия өндүрүшүнөн чыккан сапаттуу деп эсептелип жалпы 60 орунга коюлду. Дем берүүчү гранттан сырткары Сары-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетинен 300 000 сом бөлүнгөн. Жалпы жылуулук системасы 1млн 100 миңге коюлду. Мунун ичинде кызмат акылары да каралган.
Ар бир бөлмөгө ченемдик талаптардын негизинде системалар коюлуп, иштер дыкат аткарылды. Мектептин жылуулук системасы кышкыга толугу менен даяр.
Бурул Майрамбек кызы