Кыргыз Республикасында 100дөн ашык этностун өкүлү жашайт. Ал эми элдин жалпы саны 7,1 млн адамды түзөт.
2014-жылы жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда жана шаарлардын мэрияларында көп этностуу жамааттар жашаган жерлерде чыр-чатактарга эртелеп чара көрүү жана болтурбоо, жарандык сектор менен натыйжалуу аракеттенүү үчүн мониторинг жүргүзүү жана кырдаалды баалоо максатында – этностор аралык мамилелер маселелери боюнча коомдук кабылдамалар түзүлгөн
Көп этностуу 18 райондорунда жана 5 шаарларында райондук мамлекеттик администрациялардын/мэриялардын алдында түзүлүп, жалпы 319 адамдан турат.
Коомдук кабылдамаларга жеринде жардам көрсөтүү максатында, коомчулуктун улуттук белгилери боюнча кемсинтүүгө, дискриминациялоого жана башка көрүнүштөргө жол бербөө жаатындагы көз караштарын калыптандырууга, күндөлүк жашоодогу улутчулдуктун жана экстремизмдин белгилерин түп-тамыры менен жок кылууга, жалпы жарандык иденттүүлүктү калыптандырууга, этностор аралык мамилелердин көйгөйлөрү боюнча сунуштарды берүүгө багытталган.
Сокулук районундагы коомдук-кеңеш берүүчү этностор аралык консультативдик кеңештин мүчөсү Акыла Керимова аткарган иштери тууралуу кызыктуу маек куруп берди.