Бүгүн Ак-Талаа районундагы Ш. Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде билим берүү кызматкерлеринин усулдук иши уюштурулуп, анда жаңы окуу жылында өтүлүүчү сабактардын программасы, айырмачылыктар, жаңылыктар талкууланды. Ошондой эле мугалимдерге жана тарбиячыларга заманбап сабак өтүүнүн ыкмалары, Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) жана олимпиадага даярдоо жолу ж.б. ар кыл темадагы тренингдер өтүлдү.
Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн (РБББ) кызматкерлери мугалим жана тарбиячылар менен жаңы окуу жылындагы жасалуучу иштер, билим берүүдөгү жаңылыктар тууралуу жакындан пикир алышты. Ошондой эле усулдук ишке ийгилик каалап, ар бир предмет боюнча окуу китептер, окуу пландары, китептер боюнча суроолор болсо кайрылуу керектигин айтышты.
Жыйынтыгында ар бир мектеп үчүн предметтер боюнча окуу жылы үчүн окуу программалары даяр болду.
Барчын Мамытбекова