Бүгүн Ак-Талаа районунда «Билим берүүгө 100 жыл: трансформация чакырыктар жана жаңы горизонттор» деген аталыштагы билим берүү кызматкерлеринин август кеңешмеси өттү. Ага мектеп, бала бакчалардын кызматкерлери, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары катышты.
Кеңешмеде алгач өлкө тарыхындагы алгачкы агартуучулар, эгемендүүлүк жылдарындагы билим берүү тууралуу даярдалган видео көрсөтүлдү.
Андан соң Ак-Талаа райондукт билим берүү бөлүмүнүн (РБББ) башчысы Жайдарбек Сыдыков катышуучуларды жаңы окуу жылы менен куттуктап, 2023-2024-окуу жылында жасалган иштер, жетишкен ийгиликтер тууралуу баяндама жасады. Ошондой эле жаңы окуу жылына карата коюлган милдеттерди баса белгилеп, агартуучуларды билим бийиктигин багынтууга, ийгиликтерди жарата берүүгө чакырды.
Ал эми Ак-Талаа районунун акиминин орун басары Каныбек Эсеналиев ийгилик жараткан, жаңычыл агартуучулар эч качан көз жаздымында калбай турганын, билим берүү тармагын алдыга жылдыруу үчүн эл аралык уюмдар, демөөрчүлөр менен иштешүү үчүн аракеттер көрүлүп жатканын айтты.
Кеңешменин жүрүшүндө жетекчилик кызматын тапшырган М.Баетов атындагы орто мектебинин директору Сүйүнбек Эмилбек уулуна райондук админстрациянын Ардак грамотасы ыйгарылды.
Соңунда билим берүү тармагынын жылдык иш мерчеми жана август кеңешмесинин резолюциясы кабыл алынды.
Барчын Мамытбекова