Бишкек шаарында 2024-жылдын 21-22-август күндөрү медиа жана маалыматтык сабаттуулук, ошондой эле чыр-чатактарга сезимтал коммуникация боюнча эки күндүк семинар болуп өттү. Иш-чарага Аламүдүн жана Сокулук райондорунан 20дан ашык коомдук консультациялык кеңештин мүчөлөрү, массалык маалымат каражаттарынын, коомдук уюмдардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Семинардын негизги максаты – катышуучулардын медиа жана маалыматтык сабаттуулугун жогорулатуу, критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү, дезинформацияны жана жалган маалыматтарды таануу жана ага каршы туруу жөндөмүн өркүндөтүү болду. Катышуучулар фактчекингдин заманбап ыкмаларын үйрөнүп, «Кыргыз жараны» концепциясынын маанисин жана анын алардын ишиндеги колдонулушун талкуулашты.
КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы этностор аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Искендер Эшимбеков медиа жана маалыматтык сабаттуулукту жогорулатуу коомдук жана жеке коопсуздукту камсыз кылууда маанилүү экенин белгиледи. Ал бул багытта иш алып баруу жетекчилик үчүн артыкчылыктуу экенин айтты.
ЮНЕСКОнун Бишкек шаарындагы офицери Аида Бекташева маалыматтык коопсуздук жана кастык тил менен күрөшүү боюнча ийгиликтүү иштер үчүн жарандык коомдун уюмдары, ЖМКлар жана социалдык медиа платформалары менен кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Семинарда медиа-экосистема жана маалыматтык сабаттуулук, дезинформацияны аныктоо, чыр-чатактарга сезимтал коммуникация, ЖМК жана социалдык тармактар менен иштөө боюнча тематикалык сессиялар өткөрүлдү. Жаңылыктар жана интернет сабаттуулугу, ошондой эле киберкоопсуздуктун негиздери сыяктуу медиа жана маалыматтык сабаттуулуктун негизги аспектилери да каралды.
Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин аткаруучу директору Назира Джусупова коомчулуктун медиа сабаттуулугун жогорулатуу аркылуу маалыматтарды туура пайдалануу жана жалган маалыматтарга каршы туруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү зарылдыгын белгиледи. Ал медиа жана маалыматтык сабаттуулукту өнүктүрүү коомдук диалогду жакшыртууга өбөлгө түзөрүн кошумчалады.
Семинардын конок лектору, Интерньюстун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнөн Айсулуу Текимбаева, заманбап коомдо медиа жана маалыматтык сабаттуулуктун мааниси тууралуу айтып берди.
Бул семинар БУУнун Тынчтык куруу фонду тарабынан каржыланган жана Жамааттык ЖМКлар Бирлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан БУУӨП менен ЮНЕСКОнун биргелешкен “Социалдык биримдик үчүн улуттук өнөктөштөрдүн жана жарандык коомдун потенциалын жогорулатуу” долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Долбоорду ишке ашырууда өнөктөш болуп Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги болуп аналат.