Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылындагы Ош- Бишкек унаа жолунун боюнда жайгашкан Париж айылынын тургундарынын жарнамалык такталары толугу менен алынды.
«Париж айылынын тургундары жол жээгиндеги кафе, СТО, жана башка чакан ишканаларды иштетип келишет. Ошол себептен бул жерде ар түрдүү жарнамалык такталар көп. Бирок жаңы чыккан буйруктун негизинде бул такталар талапка жооп бербейт. Ошол себептен аларды алууга туура келди. Алгач биз айыл өкмөт кызматкерлери барып, жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Эми Париж айылындагы жарнамалар төмөнкү үлгүдө көрсөтүлгөндөй бир типте болуусу керек», — дейт Сууусамыр айыл өкмөтүнүн кызматкери Үметалиев Таштан.
Айтурган Кушкарбекова