Шабас Велибеков 77 жашта. Ал Бишкек шаарынан 39 чакырым алыстыкта жайгашкан Сокулук районунун Жаңы Пахта айыл өкмөтүнө караштуу Западное айылында жашайт. Шабас — Кыргызстанда туулуп өскөн лезгин улутундагы тургун.
«1936-жылы ата-энелерибиз депортацияланган, башкача айтканда репрессияга кабылган. Биз бул жакка келгенде бул жерде эч нерсе жок эле: чөл, жыландар, таш бакалар. Ал эми кышында карышкырлар келишчү. Азыр Кыргызстанда жашоо жакшы, бул жерде тынч. Эли ынтымактуу. Биз да кыргыз болуп калдык», — деп эскерет ал.
Шабас жубайы менен азыр пенсияда, бирок алардын жаштыгы оор сыноолор менен коштолгон. «Балдар кичинекей болчу. Баары талаада, кызылчада иштешти. Ар бирибиз 5-6 гектардан иштедик, абдан кыйын болду. Бирок балдарды тарбиялаш керек, бутуна тургузуш керек болчу. Азыр биз үй чарбачылыгындагы майда-чүйдө жумуштар менен алекпиз», — дейт Шабастын жубайы.
Шабас өзүнүн эмгек жолу кандайча өнүккөнүн мындайча эскерет: «7-классты бүттүм, анан совхоз мени Токмокко жиберди. Ошол жерде механик болуп иштеп калдым. Мен 40 жылдан ашык убакыт иштедим».
Западное айылында 100гө жакын үй-бүлө жашайт. Алардын 70%ы лезгиндер, калганы Тажикстандан келген этникалык кыргыздар. «Кыргыздар менен эч кандай айырмабыз жок. Биз тынчтыкта жана ынтымакта жашап жатабыз. Бири-бирибизге конокко барабыз. Орозо айт жана Курман айтта үйлөргө барып, бири-бирибизди куттуктап турабыз. Чогуу отуруп тамактанабыз, куран окуйбуз, дуба кылабыз», — дейт Шабас.
Шабас Велибековдун окуясы адамдар кыйынчылыктарга жана сыноолорго карабастан жаңы шарттарга ыңгайлашып, өз маданиятын жана салттарын сактап, ошол эле учурда Кыргызстандын достук жана меймандос коомунун бир бөлүгү болуп кала аларын айкын көрсөтүп турат.
************************************************************************************************************
Бул материал Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтык куруу фонду тарабынан каржыланган жана Жамааттык ЖМКлардын Бирлиги тарабынан ишке ашырылган БУУӨП менен ЮНЕСКОнун биргелешкен долбоорунун алкагында даярдалды.
Айгерим Кубатбекова