2024-жылдын 26-27-сентябрь күндөрү Баткен шаарында чыр-чатактарга сезимтал коммуникация, маалымат жана медиа сабаттуулугу боюнча эки күндүк семинар башталды. Бул иш-чарага Лейлек, Кадамжай, Баткен райондорунан, ошондой эле Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаарларынан 25тен ашык мамлекеттик органдардын, коомдук консультациялык кеңештердин мүчөлөрү, ЖМК жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Семинардын негизги максаты — мамлекеттик органдардын кызматкерлерине ЖМК менен натыйжалуу жана оперативдүү иштешүүнү үйрөтүү, ошондой эле алардын медиа жана маалыматтык сабаттуулугун жогорулатуу болду. Катышуучулар сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүп, жалган маалыматтарды таануу жана аларга каршы туруу көндүмдөрүн өркүндөтүүгө багытталган билим жана көндүмдөрдү алышты. Семинар бул максаттарды ишке ашырууда катышуучуларды заманбап маалымат каражаттары жана коммуникация ыкмалары менен тааныштырып, медиа чөйрөдө туура жана ишенимдүү маалымат берүү тажрыйбасын бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн түздү.
Семинардын катышуучулары
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин этностор аралык мамилелер бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Айнур Кутманова иш-чарада сөз сүйлөп, медиа жана маалыматтык сабаттуулукту жогорулатуу коомдук жана жеке коопсуздукту камсыз кылууда өтө маанилүү экенин белгиледи. Ал ошондой эле, бул багыт жетекчилик үчүн артыкчылыктуу экенин да баса белгилеп, медиа сабаттуулугун жогорулатуу коомдогу ар кандай чыр-чатактарды алдын алууда жана маалыматтык мейкиндикте коопсуздукту камсыз кылууда маанилүү роль ойной турганын айтты.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин этностор аралык мамилелер бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Айнур Кутманова
ЮНЕСКОнун Бишкек шаарындагы офицери Аида Бекташева да бул теманын глобалдык маанисине токтолду. Ал медиа сабаттуулук азыр дүйнө жүзү боюнча калктын маалыматка болгон мамилесин өзгөртүп, жалган маалыматтарга каршы күрөшүүнүн негизги аспаптарына айланганын белгиледи. Ошондой эле, ал БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан расмий белгиленген Дүйнөлүк медиа сабаттуулук жумалыгынын октябрь айынын соңунда өткөрүлөрүн эске салды.
Семинардын жүрүшүндө катышуучулар эл алдында сүйлөө, журналисттер менен иштешүүнүн негиздерин үйрөнүштү. Мындан сырткары, маектешүүгө даярдануу жана негизги билдирүүлөрдү туура түзүү жолдору, кризистик кырдаалдарда ачык-айкындуулук жана ишенимди сактоо эрежелери талкууланды. Социалдык медиада жарандар менен баарлашуунун өзгөчөлүктөрү жана медиа менен иштөөдө этиканын мааниси да чоң көңүл бурулган темалардан болду.
Ошондой эле, жалган маалыматтарды аныктоо, чыр-чатактарга сезимтал коммуникацияны жүргүзүү, ЖМК жана социалдык тармактар менен натыйжалуу иштөө боюнча тематикалык сессиялар өткөрүлдү. Семинардын жүрүшүндө жаңылыктар жана интернет сабаттуулугу, ошондой эле киберкоопсуздук жаатындагы негизги аспектер да кеңири талкууга алынды.
Бул сыяктуу иш-чаралардын актуалдуулугу жана мааниси, коомдо акча шылуундарынын көбөйүшү, туура эмес маалымат менен элди адаштыруу, ошондой эле онлайн чөйрөдө кастык тилинин таралышы сыяктуу көйгөйлөр менен байланыштуу болуп жатат. Ушул сыяктуу тенденциялардын кеңири жайылышы чыр-чатактардын күчөшүнө жана коомдук коопсуздукка коркунуч жаратып жаткан шарттарда медиа сабаттуулукту жогорулатуу өзгөчө мааниге ээ болуп, коомчулуктун аң-сезимин калыптандыруу үчүн маанилүү фактор болуп калды.
Аны менен катар санарип заманында ыкчам маалымат берүү, жалгам маалыматка дароо реакция кылуу, ЖМКлар менен натыйжалуу иш алып баруу замандын талабы болуп калды. Ошондуктан мындай окутуулар мамлекеттик органдарга иштеген кызматкерлер үчүн абдан маанилүү деп билдирди БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Баткен облусундагы өкүлү Акын Бакиров.
БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Баткен облусундагы өкүлү Акын Бакиров
Иш-чараны Кыргызстандагы Жамааттык ЖМКлар Бирлиги уюштуруп, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен өнөктөштүктө ишке ашырды. Семинар ЮНЕСКО жана БУУӨП тарабынан колдоого алынып, БУУнун Тынчтык куруу фонду каржылаган «Тынчтыкты орнотуу үчүн улуттук өнөктөштөрдүн жана жарандык коомдун потенциалын чыңдоо» долбоорунун алкагында өттү.
Медиасабаттуулукка жана маалыматка сын көз караш менен кароого үйрөткөн бул иш-чара өзгөчө Баткендин чек арага жакын жайгашкандыгы менен актуалдуу болуп, чыр-чатактарга жакын аймактарда медиа сабаттуулукту өркүндөтүү тынчтыкка салым кошооруна ишеним берди.