Ак-Талаа районунда иш кагаздардын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү, көрнөк-жарнактардын, соода түйүндөрдүн мыйзамга ылайык эне тилде туура аталышы, жазылышы боюнча рейд жүрдү.
Тагыраагы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (01.10.20. №510) “Кыргыз республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү, тил саясатын өркүндөтүү программасын бекитүү жөнүндө” токтомун ишке ашыруу боюнча район акими Жумадилла Жапаровдун буйругуна ылайык атайын комиссия аймактагы мекеме-ишкана, көрнөк-жарнактардын жазылышын жеринде карап чыкты.
Айрым мекемелерде кыргыз тили үчүн бурчтар жасалса, эскирип, өңү өчүп, саргайып калган же чакырыктар, макал-лакаптарды орфогорафиялык каталарына маани берилбей илинип турганы да жок эмес.
Райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун мамлекеттик тилге арналган бурчу
№40 Кесиптик лицейдин мамлекеттик тил үчүн даярдалган бурчу
Райондук билим берүү бөлүмүндөгү тил бурчу
Атап айтканда, райондук билим берүү, жалпы даргыерлер практикалык бөлүмү, райондук маданият үйү, №40 кесиптик лицейде атайын такталар орнотулуп, кыргыз тилин даңазалаган ыр, учкул сөздөр жазылган. Ал эми статистика, архитектура мекемелеринде мамлекеттик тилге арналган кагаздар, бурчтар жаңыртылбай, эскирген бойдон турат.
Ак-Талаа райондук мамлекетик администрациясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси, комиссия мүчөсү Жамал Смайылбекованын маалыматына караганда, 2023-жылы рейд учурунда айрым мекемелерге маалыматтык такталардагы каталарды оңдоо, тармакка тиешелүү буйрук, иш-кагаздардын үлгүлөрүн мамлекеттик тилде эрежеге ылайык жазуу боюнча көрсөтмөлөр берилген.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү көзөмөлдөө башкармалыгынын Ак-Талаа району боюнча бөлүмүндө эки башка түрдө жазылып турган Мамлекеттик Гимндин эски вариантын алып салуу боюнча былтыр эле эскертилген. «Быйыл да почта, телеком, аскер комиссариаты, паспорт стол, райондук санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда тил саясатын өркүндөтүү программасы жөнүндө токтомун ишке ашыруу боюнча иш жүргүзүлгөн эмес. Эне тилди 23-сентябрда гана эстеп, 2 барак илип коюу туура эмес, анын улуулугу, баалуулугу ар күнү ар бир жерде даңазаланып турушу керек. Чындыгында маани бербей жатабыз”-деди Ж.Смайылбекова.», деди
Мынданы сырткары соода түйүндөрдөгү көрнөк-жарнактар боюнча ээлерине эскертүүлөр берилгенин кошумчалады.
Барчын Мамытбекова