Ак-Талаа районундагы К. Султангазиев атындагы маданият үйүндө “Мен кыргызстандык экениме сыймыктанам” аттуу аймактар аралык сынактын райондук баскычы өткөрүлүп, ага 7 – 17 жаштагы 54 жаш талант катышты.
Сынактын жобосуна ылайык катышуучулар ыр, элдик жекече бий аткаруу, улуттук аспапта ойноо боюнча таланттарын сынга коюшту. Ак-Талаа райондук балдардын билим берүү борборунун жетекчиси Айнура Баязованын айтымында сынак өзгөчөлөнгөн жаш аткаруучуларды аныктоого жана колдоого, алардын чыгармачыл дараметин ишке ашырууга жана балдар чыгармачылыгы аркылуу мамлекетибиздин маданиятын таанытууга багытталган.
“Сынак КР билим берүү жана илим министрлиги менен бир нече өнөктөш уюмдардын уюштуруусунда жөндөмдүү жана таланттуу жаш аткаруучуларды аныктоо жана колдоо, кыргыз маданиятын балдардын чыгармачылыгы аркылуу таанытуу жана жайылтуу, кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын сактоо максатында өткөрүлүп келет”, — деди Айнура Баязова
Сынак үч жаш курактык баскычта (7-11, 12-14 жана 15 -17) өткөндүктөн ар бир баскыч боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Эми жеңүүчүлөр облустук турга катышып, ат салышат.
Эскерте кетсек, аталган сынак КРнын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгын жана “Инсанды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” Концепцияны ишке ашыруу алкагында уюштурулду.
Барчын Мамытбекова