Ак-Талаа районунун Кайыңды-Булак айылында жайгашкан Бакый Мүсүралиева атындагы орто мектебинде Бакирдин Акуналиев атындагы заманбап жабдылган автордук окуу бөлмө ачылды. Бөлмө заманбап техникалык жабдуулар менен камсыздалып, ичи оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.
Маалыматка караганда, окуу бөлмөнүн ачылышына уул-кыздары колдоо көрсөтүшкөн. Бөлмөнү техникалык каражаттар жана эмеректер менен жабдуу үчүн 650 000 сом каражат жумшалган. Автордук окуу бөлмөнүн ачылыш салтанатына акимдин орун басары Каныбек Эсеналиев, ардагерлер, Бакирдин Акуналиевдин замандаштары, кесиптештери, мугалимдер жана окуучулар жамааты катышты.
Б.Акуналиев 1980-жылдан баштап Б.Мүсүралиева атындагы орто мектебинде биология жана география сабагынын мугалими болуп эмгектенген.
Барчын Мамытбекова