2025-жылдын 25-майында Кочкор районунун Төлөк айылындагы 1987-жылдын бүтүрүүчүлөрү 20 жылдык мааракесине карата Сон-Көл жалпы орто билим берүүчү мектебине 4 санарип сыналгы белекке беришкен. Алар кыргыз тили, орус тили, тарых жана башталгыч класстарга коюлду.

Сабак учурунда

Кочкор районуна караштуу Төлөк айылындагы «Соң-Көл» орто жалпы билим берүүчү мектебинин кыргыз тили сабагынан берген мугалими Майрамбек кызы Бурул

Кочкор районуна караштуу Төлөк айылындагы «Соң-Көл» орто жалпы билим берүүчү мектебинин кыргыз тили сабагынан берген мугалими Майрамбек кызы Бурул төмөнкүлөргө токтолду:
«Класска телевизор орнотулганы мугалим үчүн бир топ жеңилдик жаратты. Эми сабакты кызыктуу өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү, анткени видеоматериалдар, анимациялар жана сүрөттөрдү көрсөтүү мүмкүн. Бул окуучулардын көңүлүн буруп, сабакка активдүү катышууга түрткү берет. Ошондой эле убакыт үнөмдөлүп, мугалим теманы түшүндүрүүдө даяр слайд же видеону коюп түшүндүрө алат. Мындан тышкары, интерактивдүү окутууга шарт түзүлүп, презентациялар, онлайн сабактар жана тесттерди экрандан көрсөтүп, биргелешип талкуулоо жеңилдейт. Телевизор көрүү жана угуу аркылуу кабыл алууну айкалыштырып бергендиктен, ар кандай типтеги окуучулар материалды жакшы өздөштүрө алышат. Ошондой эле бул өзгөрүү мугалим менен окуучуларды заманбап технологияны колдонууну үйрөтүп жатат.
Даярдаган: Адеми Ишенбекова