Айылдын саламаттыгы үчүн күнү-түнү эмгектенип, ошол эле учурда элдин үнүн бийликке жеткирген айымдар сейрек. Төлөк айылы үчүн мындай жоопкерчиликти тең аркалап келе жаткан адамдардын бири — 26 жылдык эмгек стажы бар медайым жана акыркы эки жылдан бери жергиликтүү кеңештин депутаты Өмүрова Гүлбарчын. Анын өмүр жолу — кесипке берилгендик менен коомдук кызматтын айкалышынын айкын үлгүсү.
Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылында 1981-жылдын 20-августунда жарык дүйнөгө келген Өмүрова Гүлбарчын өз өмүрүн медицина тармагына гана эмес, коомдук кызматка да арнаган жигердүү айымдардын бири. Ал 1987-жылы алгач мектеп босогосун аттап, бала кезинен эле жоопкерчиликтүү, эмгекчил мүнөзү менен айырмаланган.1998-жылы орто мектепти ийгиликтүү аяктап, ошол эле жылдын сентябрь айында медициналык окуу жайына акушерлик адистиги боюнча окууга тапшырган. 2 жыл 10 ай үзүрлүү билим алып, 2001-жылы медициналык окуу жайын аяктады. Бул кесип анын тагдырына айланып, адамдарга жардам берүү жашоосунун башкы максаты болду.

1999-жылдын кыш айларында Кочкор районуна караштуу Төлөк айылына келин болуп келип, жаңы үй-бүлөлүк жашоону баштаган. Үй-бүлө, бала тарбиясы жана кесиптик жол — бул үч багытты айкалыштыруу ар бир аял үчүн оңой эмес. Ошентсе да, Өмүрова Гүлбарчын сабырдуулук жана жоопкерчилик менен бул милдеттерди аркалап келди.
Окууну аяктагандан кийин эки жылдай үйдө болуп, 2003-жылы өз кесиби боюнча ишке орношту. Ошондон бери ал Төлөк айылында үй-бүлөлүк медициналык борбордо семейный медайым болуп үзгүлтүксүз эмгектенип келет. Айылдык медицинада иштөө — күнү-түнү бейтаптын абалын көзөмөлдөп, кары-жашка бирдей жардам көрсөтүүнү талап кылган жооптуу кызмат. Бүгүнкү күндө анын жалпы эмгек стажы 26 жылды түзөт.

Акыркы эки жылдан бери Өмүрова Гүлбарчын жергиликтүү кеңештин депутаты катары да активдүү иш алып барып келет. Депутаттык ишмердүүлүгүндө ал айыл элинин социалдык маселелерине, өзгөчө саламаттыкты сактоо, аялдар жана балдар маселелерине өзгөчө көңүл бурат. Айылдык медициналык кызматтын шарттарын жакшыртуу, калкка сапаттуу медициналык жардам жеткирүү, таза суу, санитария жана алдын алуу иштерин күчөтүү боюнча сунуштарды көтөрүп келет.
Мындан тышкары, эл менен тыгыз байланышта болуп, шайлоочулардын кайрылууларын угуп, маселелерин жеринде чечүүгө аракет кылат. Айыл ичиндеги социалдык демилгелерге, ишембиликтерге, кайрымдуулук иш-чараларына да активдүү катышып, жаштарга жана аялдарга багытталган иштерди колдоп келет. Депутат катары ал сөз менен эмес, иши менен ишеним арттырууга умтулат.

Медицинадагы талыкпас эмгеги жана коомдук ишмердүүлүгү аркылуу айыл элинин ишенимине ээ болгон Өмүрова Гүлбарчындын өмүр жолу — аймактагы аялдар үчүн үлгү, жаш муунга сабак. Айылдын саламаттыгы да, коомдук өнүгүүсү да дал ушундай жигердүү адамдардын колунда.
Даярдаган:Мирайым Конокбаева