Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, 2026-жылдын 30-январында Бишкек шаарынын Ленин районундагы мектеп окуучулары үчүн муз тебүү иш-чарасы уюштурулду. Иш-чара кышкы туристтик мезгилге даярдык көрүү жана аны мазмундуу өткөрүү максатында уюштурулуп, Ленин районундагы №119 Рустамбек Мамыралиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин 30 окуучусу «Локомотив» муз аянтчасында эс алып, спорт менен машыгышты.

№119 мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Асанкулова Жыпаркүлдүн айтымында, иш-чаранын жүрүшүндө окуучуларга муз үстүндө коопсуз жүрүү эрежелери түшүндүрүлүп, дене тарбияга болгон кызыгуусун арттырууга өзгөчө көңүл бурулган:
«Бүгүн, 30-январь 2026-жылы, Президенттин “Инсандын руханий-адеп ахлактык жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруунун алкагында биздин мектептин 30 окуучусун “Локомотив” муз аянтчасына уюштуруп алып барып келдик. Балдар үчүн муз тебүү абдан кызыктуу болду, алар көңүлдүү эс алып кайтышты. Бул үчүн Бишкек шаарынын Ленин районунун жана “Локомотив” муз аянтчасынын администрацияларына ата-энелердин атынан терең ыраазычылык билдиребиз», — деди ал.



Ошондой эле иш-чарага катышкан ата-энелердин атынан Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жеңишбек Кангелдиев уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, мындай иш-чаралар жаш муундун ден соолугун чыңдоодо жана тарбиялоодо маанилүү роль ойной турганын белгиледи:
«Балдардын муз аянтчасына барып эс алып, ойноп келишине чоң шарт түзүлдү. Бул өлкөбүздүн келечеги болгон жаш муунду тарбиялоого кошкон олуттуу салым. Ленин районунун жана “Локомотив” муз аянтчасынын администрацияларына ата-энелердин атынан терең ыраазычылык билдиребиз», — деди ал №119 мектептин 9-«а» классынын окуучусу Бегимай Касымалиеванын атасы катары.
Иш-чара окуучулардын дене тарбиясын чыңдоого, сергек жашоо образын жайылтууга жана алардын эс алуусун уюштурууга багытталган маанилүү демилге катары белгиленди.
Даярдагандар: Динара Султаналиева, Берметкан Исабекова