Кочкор районунун жалпы башталгыч класстардын мугалимдерине «Алтын казык» брендиндеги ноутбуктар берилди. 2026-жылдын 4-февралында Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын залында Кочкор районунун акими Баялы Досалиев жана акимдин орун басары Талгар Исаев мектеп директорлоруна «Алтын азык» брендиндеги экинчи партиясындагы 305 даана ноутбуктарды тапшырышты.

Кочкор райондук администрациясынын башчысы аким Баялы Досалиев, орун басары Талгар Исаев жана Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мирзат Мамбетова

Кочкор районундагы мектеп директорлор
Эске салсак, өткөн жылы англис тили жана STEM предметтеринин мугалимдерине 395 даана » Алын казык» ноутбугу берилген.

Турдакун Усубалиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин башталгыч класстарынын мугалимдери
Ата-мекендик ноутбуктар И.Раззаков атындагы КМТУнун «Технопарк» мекемесинде чогултулуп, белгиленген техникалык талаптарга ылайык даярдалган. Ар бир ноутбукта атайын лицензияланган программалар ортнотулуп, алар автоматтык түрдө жаңыртылып турат жана коопсуздук мүмкүнчүлүктөрү менен камсыздалган. Мындан тышкары, мугалимдердин күнүмдүк ишине зарыл болгон методикалык колдонмолор жана керекүү программалар киргизилген.

Капар Кыдыралиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин башталгыч класстарынын мугалимдери

Сатаркул Исмаилов атындагы жалпы билим берүү мектебинин директору Жыпаркүл Турганбаева жана башталгыч классынын мугалими Асел Жамангулова
Кийинки партиялар тарых жана кыргыз тили предметинин мугалимдерине берүү пландалууда.
Даярдагандар:Канайым Мирланова, Мадина Тилекова