Чүй облусунун Сокулук районунундагы Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин бүтүрүүчүсү, поэзия дүйнөсүндө өз үнүн таап келе жаткан жаш акын, көркөм окуу боюнча сынактардын бир нече жолку жеңүүчүсү Эргешбаев Зиябиддин менен кызыктуу жана мазмундуу маек курдук.

Сөздүн касиетин сезе билген, ойду обонго салгандай жеткирген жаш талант маегинде чыгармачылык жолунун башталышы, поэзияга болгон сүйүүсү, сахнадагы алгачкы толкундоолору жана келечекке койгон максаттары тууралуу чын дилден ой бөлүштү. Бул маек — жаштарга дем берген, талантка жол ачкан, сөз өнөрүнүн күчүн даңазалаган жагымдуу баарлашуу болду.
Өзүңүздү тааныштырып өтсөңүз?
— Мен Эргешбаев Зиябидин Оморбекович 2007-жылдын 18-апрелинде Чүй облусунун Сокулук районунда жарык дүйнөгө келгем. 2014-жылы 1-сентябрда Чүй облусунун Сокулук районунун Новое айылына караштуу Г. Капарова атындагы орто мектептин ак босогосун алгач ирет аттагам. Ошол күндөн тарта билим алуу менен катар сөзгө, ойго жана көркөм өнөргө болгон кызыгуум акырындан калыптанды.
Качантан бери чыгармачылык менен алектенип келесиң?
— Чыгармачылык жолум көркөм окуудан башталган. 6-класстан тартып мектептер аралык сынактарга катышып, сахнанын демин жана сөздүн күчүн сезе баштадым. 8-класстан тарта ыр жазууга кызыга баштадым.
Өзүңдү көбүнчө акын деп эсептейсиңби же көркөм окуучубу?
-Өзүмдү көбүнчө көркөм окуучу деп эсептейм. Акындыкка келгенде өзүмгө өтө этиятмын, себеби мен чыныгы акындардай күн сайын ыр жазбайм. Мен ырды илхам келгенде, жүрөгүм толгондо гана жазам.Ошондуктан өзүмдү көбүнчө көркөм окуучу деп эсептейм.
Ыр жазууга эмне түрткү болду?
— Мени ыр жазууга түрткү берген негизги нерсе – айлана-чөйрөдөгү окуялар. Айрыкча убакытты туура пайдаланбай, анын баркына жетпей жаткан адамдарды көргөндө, аларга жөн гана сөз менен эмес, ыр аркылуу жеткиргим келген.
Ырларың көбүнчө кайсы темада болот?
— Менин ырларым көбүнчө убакыт, Мекен жана заман тууралуу.
Биринчи жазган ырың эсиңдеби?
— Эң биринчи жазган ырым – “Убакыт” аттуу ыр болгон.
Илхамды кайдан аласың??
— Ыр жазганда мага жашоонун өзү, адамдардын тагдыры, тынчтыктагы ойлор шыктануу берет. Илхамды атайын издебейм, ал ойго толгон учурда өзү келет.
Ырларыңды кимге биринчи окуп бересиң?
-Ырларымды жазып бүткөндөн кийин эң биринчи кыргыз тили жана адабияты мугалимим Айдай Джолчубековага окуп берем. Ал мен үчүн жөн гана мугалим эмес сөзгө жол көрсөтүп, ойду тереңдеткен устат. Устатым Айдай Джолчубекованын окуучуларга көрсөткөн колдоосу окуучунун өзүнө дем күч берүү менен шыктандырып, өзүнө болгон ишенимди ого бетер арттырат.
Көркөм окууга кантип келип калдың?
-Менин көркөм окууга келип калышыма бирден бир себепчи мугалимим – Айдай Джолчубекова болду. Ал мени алгач тандап алып, райондук сынакка алып барган. Ошол сынакта мен Сооронбай Жусуевдин “Алакан” ырын көркөм окуп чыккам. Кийинки сынактарда Айдай Джолчубекова менен биргеликте Бермет Кенжебаева дагы колдоп катыштырып келишчү. Учурдан пайдаланып алтындай болгон мугалимдерим Айдай Джолчубекова жана Бермет Кенжебаеваларга баш ийип таазим кылуу менен терең ыраазычылык билдирем.
Кайсы акын-жазуучулардын чыгармаларын окуганды жакшы көрөсүң?
— Мен көбүнчө Чыңгыз Айтматов, Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков сыяктуу улуу жазуучулардын чыгармаларын окуганды жактырам.
Көркөм окууда сен үчүн эң маанилүү нерсе кайсы?
-Мен үчүн эң маанилүү нерсе – окуп жаткан чыгармамдагы каармандардын түпкүлүк сезимин, жүрөк толкунун угармандын жүрөгүнө жеткире билүү. Жөн гана жаттап окуу эмес, ар бир сөздү сезип, жашап берүү маанилүү.
Сахнага чыкканда кандай сезимде болосуң?
-Сахнага чыкканда алгач толкундануу болот, бирок биринчи сап айтылганда баары унутулат. Ошол учурда мен сахнада эмес, чыгарманын ичинде болом.
Зиябидин көркөм окуу жана шахмат боюнча көптөгөн сынактарга катышып, мектептин атынан жогорку жетишкендиктерди жараткан. Айрыкча 2022–2023-окуу жылдары бир катар ийгиликтерге жетишкен. 2023-жылы шахмат боюнча мектептер аралык мелдеште жеңишке жетип, Чүй облустук турга жолдомо алган.
— «Ар бир сыйлык — кубаныч гана эмес, жоопкерчилик. Ал алдыга умтулууга түрткү берет», — дейт жаш талант.
«Чыгармачылык — менин ички дүйнөмдүн үнү. Сөз аркылуу өзүмдү табам, ой аркылуу өсөм», — дейт Зиябидин.
Ал чыгармачылыкты улантууну каалайт жана өзүндөй жаштарга төмөнкүдөй кеңеш берет:
«Коркпогула. Өзүңөрдү башкалар менен салыштырбагыла. Ар кимдин өз үнү бар. Сөз жүрөктөн чыкса гана таасир берет».
Чыгармачылык — Зиябидиндин жан дүйнөсүнүн күзгүсү, тынчтыгы жана айтылбай калган ойлорунун үнү. Анын ар бир сабы жаш окурманга ой салып, үмүт берери шексиз.
Даярдагандар: Аида Карыбекова, Амина Маратбекова