Төлөк айылынын чабандары жайкысын Кашка-Суу жана Соң-Көл жайлоолоруна жайлап келишет. Акыркы жылдары малдын саны көбөйгөндүктөн жайыттар такырланып бара жатат. Андыктан жайыттарды калыбына келтирүү максатында жайлоолорго көп жылдык урук себилди.
Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдагы планын негизинде сыйымдуулугу төмөн жайыт жерлерди аныктоо буйругунун негизинде, Төлөк айылынын жалпы сыйымдуулугу төмөн деп 500 гектар жайыт жер жөнүндө маалымат берилген. Анын натыйжасында бүгүнкү күндө жайытты жакшыртуу максатында 25 гектар жерге көп жылдык урук алынып келинди.
Бул урук Орусиядан алынып келинген. 1 гектар жерге 9 кг урук себилет. Урукту сыйымдуулугу төмөн болгон Кашка-Суу жайлоосунун Кара-Талаа участогуна жана Бучук жайлоосунун Көңдөй участогуна себилди. Урук себилген жерди 3 жыл коруу керек.
Бурул Майрамбек кызы