Төлөк айылындагы жайыттарды калыбына келтирүү максатында урук себилди
Төлөк айылынын чабандары жайкысын Кашка-Суу жана Соң-Көл жайлоолоруна жайлап келишет. Акыркы жылдары малдын саны көбөйгөндүктөн жайыттар такырланып бара жатат. Андыктан жайыттарды калыбына келтирүү максатында жайлоолорго көп жылдык урук себилди.