Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында жазгы айдап-себүү иштерине карата айыл чарба техникалары үчүн тарифтер расмий түрдө бекитилди.
Белгилүү болгондой, Суусамыр өрөөнүндө жер айдоо жылына бир гана жолу жүргүзүлөт. Сугаруу мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан, айдоо жерлеринин басымдуу бөлүгүн кайрак жерлер түзөт.

Ушул жагдайларды эске алуу менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү айыл тургундары менен атайын жолугушууларды өткөрүштү. Жыйынга Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчысы, жергиликтүү кеңештин депутаттары, ошондой эле техника айдаган жумушчулар жана дыйкандар катышты.
Талкуулардын жыйынтыгында тараптардын шарттары эске алынып, жазгы айдап-себүү иштерине төмөнкүдөй тарифтер бекитилди:
мурда айдалып жүргөн жерди кайра иштетүү — гектарына 1500 сом жана 20 литр солярка;
дың (жаңы) жерди айдоо — гектарына 1700 сом жана 25 литр солярка.

Эске салсак, Суусамыр айылында дыйкандардын негизги бөлүгү жергиликтүү климатка ылайык арпа, сулу жана буудай эгишет.
Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна