Ар бир кесиптин өз түйшүгү жана сыймыгы бар. Бирок мугалимдик кесип — бул жөн гана жумуш эмес, бул тынымсыз изденүүнү, жан дүйнө тазалыгын жана окуучунун келечеги үчүн жоопкерчиликти талап кылган улуу жол. Мына ушул жолдо татыктуу кадам таштап, билим берүүнүн жүгүн ишенимдүү көтөрүп келе жаткан инсандардын бири — Токтогул районунун Тере-Суу айылындагы, №12 Курама уулу Турусбек атындагы орто мектебинин англис тили мугалими Сафарали кызы Гүлнара.
Гүлнара үчүн быйылкы окуу жылы жаңы ачылыштардын жана кесиптик өсүштүн мезгили болду. Ал «Жылдын мыкты мугалими» конкурсуна катышып, өзүнүн методикалык чеберчилигин жогорку деңгээлде көрсөтө алды.


«Мен бул сынакка катышып, өзүмө чоң байлык — тажрыйба алып кайттым. Жаңы методикалар, кесиптештердин оригиналдуу идеялары жана өзүмдүн ички потенциалымды таануу мага чоң шык берди. Ар бир тоскоолдук — бул өсүүгө болгон мүмкүнчүлүк», — дейт каарманыбыз.

Мугалимдин ийгилиги — окуучунун жетишкендиги. Мугалимдин эмгегине берилген эң башкы баа — анын окуучуларынын ийгилиги. Гүлнаранын талыкпаган эмгегинин үзүрү катары, анын бир окуучусу эл аралык FLEX программасын жеңип алып, учурда АКШда билим алууда. Бул — мугалимдин туура багыт берип, дүйнөлүк деңгээлдеги атаандаштыкка окуучуну даярдай алгандыгынын далили.


Учурда Гүлнара иштеген мектепте заманбап билим берүүгө, өзгөчө тил үйрөтүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Алар Алабама штатынан келген ыктыярчы мугалим Стентон Спенсер менен тыгыз иштешип, тажрыйба алмашып келишет. Гүлнара өзүнүн кесиптештери Азема Кудуева, Айгүл Ормонбекова, Алтынай Акылбекова жана Айзирек Нурбек кызы менен биргеликте тил үйрөтүүнүн алдыңкы ыкмаларын сабактарында жигердүү колдонуп келет.


Кесиптик ийгиликтери менен катар Гүлнара — үлгүлүү эне жана сүйүктүү жар. Анын жолдошу да билим берүү тармагында, дене тарбия мугалими болуп эмгектенет. Эки кыздын мээримдүү апасы үй-бүлөсүндөгү өз ара түшүнүшүү жана колдоо аркылуу коомдук иштерде да, кесибинде да алдынкылардан болууга жетишүүдө.
Даярдаган: Азема Кудуева