Токтогул районуна караштуу, Чолпон-Ата айылынын Данканай мектебинин окуучулары, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен окууда жана коомдук иштерде өзгөчө ийгиликтерди жаратып, Ташкентке жолдомо алышты. Жалпысынан демөөрчүлөрдүн атынан 60 000 (алтымыш миң) сом акчалай сыйлык жана баалуу белектер тапшырылды.
Бул сыйлоо аземинин эң толкундаткан учуру — болгону 9 жаштагы окуучулардын өз эмгеги, терең билими менен ата-энелерине эс алууга жолдомо утуп беришкени болду.
Ысык-Көлгө жолдомо Батырканова Дианага, жеке ишкер Бобушов Темирлан мырзанын колдоосу менен тапшырылды. Ош – Ташкент багыты боюнча жолдомолор Жумалиев Алмаздын атынан — Жусупбекова Нурзатка,Темиров Мирбектин атынан — Калчабева Назгүлгө, Айбеков Асландын атынан — Диларага тапшырылды.
Бүгүнкү күндө үч окуучу ата-энеси менен бирге Ташкент шаарында эс алып, саякаттап келишти. Баласынын кичинекейине карабай жетишкен ийгилиги ата-эне үчүн чоң сыймык жана кубаныч тартуулады.
Бул тууралуу окуучулардын мугалими Токтоназарова Рысгүл айтып жатып, билимге канат байлаган балдардын тилегин ишке ашырган инсандарга ыраазычылык билдирди.
«Демөөрчүлөр окуучулардын билим алуусуна, ийгиликтерине дем берип, чоң кубаныч тартуулашты. Окуучунун ийгилиги — бул ата-эненин жана мугалимдин биргелешкен эмгегинин үзүрү. Колдоо көрсөткөн бардык мырзаларга терең ыраазычылык билдиребиз».

Билимдүү жаштар — өлкөнүн келечеги. Өз эмгеги менен алгачкы саякатын баштаган 9 жаштагы окуучулар башка балдарга үлгү боло алышат.
Даярдаган: Азема Сабырбекова