Токтогул шаарында жазгы жаан-чачындын көбөйүшү жана аба ырайынын туруксуздугуна байланыштуу, сел жүрүү коркунучу бар аймактарды жеринен текшерүү иштери жүрдү. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т.К.Текебаевдин тапшырмасы менен ишке ашырылды.

Кооптуу тилкелерди көзөмөлдө жана текшерүүгө Токтогул шаарынын мэри Б. Бактыбеков, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, акимдин биринчи орун басары А. Асанов жана райондук ӨКМ кызматкерлери катышты.

Комсомол айылынын Жорголот участкасындагы дамбалар жана Арал айылындагы кооптуу тилкелер учурда туруктуу абалда. Живпром участкасындагы каналдын абалы кошумча тазалоону талап кылары аныкталып, тиешелүү кызматтарга тезинен чара көрүү тапшырмасы берилди.

Учурдагы аба ырайынын божомолуна ылайык, Токтогул аймагында жакынкы күндөрү жаан-чачын күтүлөт. Тактап айтканда, 4-5-май күндөрү абанын температурасы күндүз (+18°…+21°C) чейин көтөрүлүп, күн күркүрөп, жаан жаашы ыктымал. Мындай шартта тоо этектеринде жана каналдарда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн болгондуктан, Живпром участкасындагы тазалоо иштерин ыкчам бүтүрүү зарылдыгы келип чыгууда.

Жергиликтүү бийлик сел коркунучун алдын алуу багытында иштерди улантууда. Жаан-чачындуу күндөрү кооптуу аймактарга жакын жашаган тургундарды сак болууга жана ӨКМдин билдирүүлөрүнө көңүл бурууга чакырат. Сел каналдарын жана арыктарды тиричилик калдыктарынан таза кармоо — ар бир жарандын коопсуздугуна кошкон салымы.
Даярдаган: Азема Сабырбекова