Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында кыз-келиндер арасында волейбол боюнча достук мелдеш уюштурулду.
Мелдешке төрт айылдан келген командалар катышып, жыйынтыгында мыкты команда жеңишке жетишти. Иш-чаранын уюштуруучуларынын айтымында, негизги максат кыз-келиндердин башын бириктирип, спорт аркылуу ден соолукту чыңдоого үндөө болду.

Мелдеш алгач Кызыл-Ой айылында башталып, андан соң эстафета иретинде Кожомкул жана Суусамыр айылдарына өткөрүлүп берилген. Белгилей кетсек, буга чейинки оюндарда катышуучулар бардык чыгымдарды өз каражаттарынын эсебинен жаап келишкен. Бул жолу жергиликтүү тургундар демөөрчүлүк көрсөтүп, баш байгеге керектүү кубок жана медалдарды алып беришти.
Катышуучулардын айтымында, бул мелдеш кыз-келиндер үчүн чоң мааниге ээ. Учурда Суусамыр айылында волейбол менен машыккан сегиз команда бар. Уюштуруучулар келерки жылы катышуучулардын саны дагы көбөйөт деп ишенишет.
Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна