Жайыл районуна караштуу Суусамыр айыл өкмөтүнө жаңы башчы дайындалды. Суусамыр айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы кызматын мөөнөтүнөн мурда тапшырып бергенине байланыштуу, бул кызматка Уметалиев Таштан дайындалды.

Белгилей кетсек, бул дайындоо убактылуу мүнөзгө ээ. Эгерде жаңы жетекчи эки айдын ичинде өзүн жакшы жагынан көрсөтө алса, анда ал расмий түрдө кызматка бекитилет.
Уметалиев Таштан буга чейин Суусамыр айылындагы «Достук» муниципалдык ишканасында директор, айыл өкмөтүндө Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, ошондой эле Жайыл райондук мамлекеттик администрациясында юрист болуп эмгектенип келген.
Даярдаган: Айтурган Кушкарбекова