Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу 10 айылдын баатыр энелерине арналган кече өткөрүлдү.
Жыл сайын май айынын 3-аптасында «Энелер күнү» белгиленет. Бул жылы Чолпон айыл өкмөтү тарабынан энелерге сый көрсөтүлдү. Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, ыр, бийлер аткарылып, чакан сценкалар көрсөтүлдү.
Алтынбек Боогачиев ырдоо учурунда
«Энелер күнүн Чолпон айыл өкмөтү, айылдык кеңеш жана маданият кызматкерлери ошону менен катар аялдар кеңеши чогуу уюштуруп келебиз. Концерттик программаны Ара-Көл маданият кызматкерлери уюштуруп, апаларга жакшы маанай тартуулашты. Чолпон айыл өкмөтүндө 146 баатыр эне жана эне даңкы медалын алгандар бар. Бүгүнкү майрамга 92 баатыр эне келип катышышты», — деп билдирди Чолпон айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Алтынбек Боогачиев.
Наргиза Нурбекова
«Энекем менин бейишим» аттуу темада энелер күнүнө карата чакан концерт тартууладык. Концертке бир жума аралыгында даярдандык. Койгон концертибизди апалар жакшы маанайда көрүшүп, баталарын беришти», — деп кошумчалады Ара-Көл айылынын маданият кызматкери Наргиза Нурбекова.
Чолпон маданият үйүнүн жетекчиси Нургүл Рахманова Чолпон айыл өкмөт Эрнис Макишов менен
Эрнис Макишов айыл ичиндеги демөөрчү болгон дүкөндөрдүн ээлерине ыраазычылык баракчаларын тапшырууда
Концерт учурунан бир көрүнүш
Алып баруучу Ара-Көл орто мектебинин 9-классынын окуучусу Нуртилек Айтбеков
Ара-Көл орто мектебинин бийчилер тобу
Баатыр энелер
Тамашалуу көрүнүштөр
Апалар алкышын айтып жатышат
Кусейин Маратов