Тынчтык клубдары 2020-жылдан тарта окуучулардан жана мугалимдерден турган ыктыярдуу бирикме катары иш алып барып келет. Алар тынчтык маданиятын жайылтуу, биримдик, толеранттуулукту жогорулатуу жана көп түрдүүлүктү сактоо жана өнүктүрүү багытында иш алып барышат.
«Тынчтык жана өнүгүү институту»коомдук фондунун негиздөөчүсү жана Президенти Улугбек Нурумбетов мектептердин алдында түзүлгөн тынчтык клубдарынын саны 150дөн ашканын билдирди. Клубдардын максаты жергиликтүү деңгээлде тынчтык маданиятын жайылтуу. Учурда 4 багытта иш алып барылат:
1. Тынчтык куруу
2. Жаштардын өзүн-өзү өнүктүрүү. Жумшак көндүмдөр
3. Коопсуз чөйрө түзүү. Кылмыштуулукту алдын алуу
4. Кыргыз жараны концепсиясын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү
Нурумбетовдун айтымында клубдар окуучуларга кандай пайда берип жатканын пландаган дагы көп ачылып жатканынан кабар берет. Демек суроо талап жогоруу ата-энелер, мугалимдер муну тастыктап жатышат:
“Мектеп балдарга билим гана берип коюуучу жер эмес, аларды чоң жашоого тарбиялоочу жай болуш керек деп айтып жүрүшөт. Бул болсо сабактан тышкаркы иш-чаралар аркылуу ишке ашат. Тынчтык клубдары формалдуу эмес билимдерди берет. Бул мектептерге, администрациясына дагы жардам берип жатат. Биз атайын аларды дагы окуттуулардан өткөрүп турабыз. Сабактар жаңы методикалар, интерактивдер, оюн форматында, дебат, форум театр сыяктуу жаңы методдор менен өтөт. Алыскы аймактарда мектепти аяктап эле андан ары жогорку билим албай иштейм же миграцияга барам деп максат коюп алган жаштардын саны жыл санап өсүп жатат. Буларга жакшы сунуштарды беришибиз керек.”
“Тынчтык клубдары кандай жетишкендиктерге жетип миссиясын канчалык аткарып жатканын дароо көрүү мүмкүн эмес муну убакыт өткөндөн кийин көрүүгө болот. Бирок, кандайдыр бир көрүнүштөргө таянып ийгиликтүү иштеп жатат деп айта алабыз. Райондук, облустук, шаардык акимдер алардын жардамчылары биздин аймакка тынчтык клубдарын ачалы деген сунуштарды көп айтып жатышат. Мурда тынчтык клубдары иштеген аймактарда жаштар арасындагы кылмыштуулуктун саны азайганы байкалган.”
Тынчтык клубдар аркылуу окуучулар арасындагы биримдикти бекемдөөгө жетишкенин ырастаган “Келечек биримдиги” Тынчтык клубунун координатору Раби Чекиева иш-чаралардын аркасында ата-эне менен бала жана мектеп байланышы түзүлгөнүн кошумчалады:
“Биз ар кандай иш-чараларды өткөрүп турабыз бир гана окуучулар менен эмес, ата-энелерди дагы чакырабыз. Булар аркылуу байланыш жакшырат экен. Башка жакын жайгашкан тынчтык клубдар арасында сынактарды уюштурабыз анда окуучулардын чөйрөсү кеңейет. Жалпысынан айтканда окуучуларды коомдук иштерге активдүү тартканга чоң жардам берип, биз үчүн пайдалуу болууда.”
Тынчтык клубду ачууну каалагандар өздөрү демилге көтөрүп, ишке ашыра алышат. Ар аймактын менторлору бар аларга байланышканда кеңештерди берип, керектүү колдонмолор менен болүшүшөт. Ар бир тынчтык клуб өздөрү план иштеп чыгып кайсы иш-чараларды аткарарын чечишет. Тынчтык клубда мектеп администрациясы менен милдеттүү түрдө макулдашуу менен кеминде 2 мугалим жана 15 окуучу болушу шарт.
************************************************************************************************************
Бул материал Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтык куруу фонду тарабынан каржыланган жана Жамааттык ЖМКлардын Бирлиги тарабынан ишке ашырылган БУУӨП менен ЮНЕСКОнун биргелешкен долбоорунун алкагында даярдалды.
Айгерим Кубатбекова