Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43-кесиптик лицейдин жалпы жамааты Нооруз майрамын ар жылы салтанаттуу түрдө чыгармачылык менен майрамдап келишет. Жаңырган жылда эл журттун, мал-жандын аман-эсен, тынч, кырсыктан тышкары жана эгин берекелүү болушун кудайдан суранышып, тилек тиленишет. Бүгүнкү күнү арпадан, буудайдан көжө, сүмөлөк кайнатып, май токоч бышырышып, сый тамагын жасап өткөрүүдө.
Күн жылып, жер кургаганы лицейдин окуучулары менен биргеликте Нооруз майрамына карата айлана чөйрөнү тазалашып, таштандылардан арылышты. Ал эми улуу муундагы апаларыбыз таң эртеден буга чецйинки өндүрүлгөн буудайды тарып, эки казанга сүмөлөк бышыруу менен алектенишүүдө.
Айрым маалыматтарга таянсак, Нооруздун келип чыгышын тарыхчылар Нооруз сөзүн перс тилинен которгондо «нав» — жаңы жана «руз» — күн деген эки түшүнүктөн туруп, «жаңы күн», башкача айтканда чыгыш элдеринин табигат мезгилин сүрүштүрүүдө колдонулган күн календары боюнча жаңы жылдын башталышын билдирерин айтышат. Бул майрамдын келип чыгышы туурасында бирдиктүү ой жок. Эң оболу анын жер шарында климаттык циклдин (жаз, жай, күз, кыш) ар жылы алмашуусу менен байланышканы талашсыз, тагыраак айтсак жаратылыш күчтөрүнүн кайра жаралуу мезгили – жаз менен байланышкан.
Байыркы ата-бабаларыбыз жер үстүндөгү тиричилик жашоосунда кезектеги жаңы жылдын келишин кабарлаган жашыл чөптөрдүн пайда болушун урматтоо менен күтүшүп ырым жырым ыры «Дамбыр таш» айтышып, чака челегин калдыратып, боз үйдү айланышкан. Жумурай журтка суук мезгилден кийин, күнөстүү жана жылуу күндөр келип, адамдын жашоосу бай түшүм жана малдын мол төлүнө байланышкан үмүттөр менен тиричилик жаңы мааниге ээ болгон. Эски жыл аяктап, эртен жаңы жыл деген күнү өткөрүлүүчү ырым-жырым салты «жыл ажыраш» деп аталган. Бул учурда арча, чекенди, адырашман түтөтүп үй ичин, жаш балдарды дегеле адамдарды:
Алас, алас,
Ар балээден калас,
Эски жыл кетти,
Жаңы жыл келди.
Алас, алас,
Айдан аман,
Жылдан эсен,
Жакшылыкты теңир берди,
Жарык күндү кеңири берди.
Орообуз данга толсун,
Оозубуз нанга толсун!
Алас, алас — деп аласташкан.
Кыргызстанда 21-мартты элдик Нооруз майрамы катары жарыялаган Жогорку Кеңештин мыйзамына 1991-жылдын 1-февралда кол коюлган.
Турсун Омуралиева