Бүгүнкү күндө бардык мамлекеттер башынан өткөрүп жаткан дүйнө кризиси карапайым калкка таасирин тийгизип жатат. Себеби, азык-түлүктөн баштап айыл чарбага чейин бардык кызматтар жана товарлардын баасы кымбат болууда.
Карантин, жумушсуздук, мамлекеттер ортосунда байланыштын токтотулушу ансыз да кыйын абалда жашап жаткан айыл калкынын жашоосун күндөн -күнгө оорлотуп салды. Бүгүнкү биздин каарманыбыз соода түйүнүндө иштеп жаткан айыл тургуну Гүлнара Алиева болмокчу.
Гүлнара Алиева
Гулнара айым Кызыл-Туу айыл аймагынын тургуну. Ал мындан эки жыл мурда насыя алып азык-түлүк сатуучу дүкөнүн ачкан. Кирешеге карантиндин, рыноктогу баанын көтөрүлүшү терс таасирин тийгизип жатат. Жумушсуздук жана баанын көтөрүлүшү кардарларды азайтып жиберди, эгерде бул абал дагы улана берсе Гүлнара айым дүкөндү жабууга аргасыз болорун айтат:
«Азыр элде акча жок, баары карызга сурашууда. Албетте, мен баарына карызга бере албайм. Эми эмне кылышымды да билбей турам. Сыналгыдан үч айга төлөмдөр кармалып турат дегенди угуп аябай сүйүнгөм. Бирок мунун баары жуз миң сомго чейин гана алган насыя ээлери үчүн экен. Биз банкка чалганыбызда, эч кандай жардам болбогонун түшүндүк, андыктан ай сайын насыяны төлөп турушум керек», — деп нааразы Гүлнара Алиева.
Ал эми тамак- аш продукциясынан тышкары быйыл күйүүчү май жана чөптүн баасы да жогорулады. Бир түк тоют чөптүн баасы 400-450 сомго чейин болуп мал менен күн өткөргөн карапайым калкты бир топ түйшөлттү. Көпчүлүк жашоочулар малды азайтууга аракетин жумшоодо. Себеби, кышка тоют кымбат болгондугунда. Азырынча бааны бир калыпка салып турукташтыруу боюнча жергиликтүү бийлик тараптан эч кандай иш- аракет жүргүзүлгөн жок.
Тоют чөбү
Тема боюнча окуңуз:
Кымбатчылык элди ар тараптан кысууда…
Нурзат Момуналиева