Адамзат тарыхындагы эң ири жапырт эмдөө жараяны жүрүүдө. Учурда Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө дем алышсыз, бекер коронавирус илдетине каршы вакцинациялоо иши жүргүзүлүп жатат.
Солдон экинчи Күнчүрөк Кулова
Эмдөө айылдык ФАПта саат 8.00 — 18.00 чейин жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ФАП кызматкери медайым Күнчүрөк Кулова төмөндөгүлөрдү билдирди:
«Эмдөө жаз айларында башталып алгачкы вакцинаны медицина кызматкерлери өзүбүздөн баштадык. Кудайга шүгүр баары жакшы, башка мамлекеттер сыяктуу эле Кыргызстанда да эмдөө милдеттүү түрдө эмес, бирок көпчүлүк вакцинага келгендер мугалимдер жана мамлекеттик кызматкерлер болууда. Вакцина алардан мурда жарандарды алдын- ала текшерип, медициналык көзөмөлдөн өткөрүп, кеңешибизди берип жатабыз.
Бардыгы өз каалоолору менен алып жатышат. Азырынча эч кандай арыздануу болгон жок, бул вакцина мурда алып жүргөн прививка сыяктуу эле өтүп жатат. Жакындарыңарды өзүңөрдү оорудан сактайм десеңер биздин эшик ар дайым ачык».
Эл арасында коронавируска эле эмес жалпы вакцинага каршы чыккандар да бар. Жашоочулардын оюн билүү үчүн коронавируска каршы эмдөө аласызбы, деген суроо менен кайрылдык.
Мунара Ташиева 58 жашта, пенсионер:
«Кытайдын вакцинасы дешкенинен бир аз кооптонуп алсамбы же албай эле койсомбу деп ойлонуп жатам. Минтип мен курактууларды көбү ойлонуп жатса керек. Орусиянын вакцинасы болсо ишенимдүү дароо эле алмакмын».
Култакеев Марат 61 жашта, мектеп кызматкери:
«Вакцина алгандардан терс таасири билиндиби же жокбу кабардар болуп турам. Эгер терс таасирлери билинбесе анда алуу кажет. Вакциналар буга чейин элди оорудан сактап келген да. Коронавирус менен ооруп өмүрүбүздү тобокелге салганча алганыбыз оң».
Ал эми вакцина алганына эки күн болгонун айткан Майрамкүл Сулайманова: «Вакцина алдым, кудайга шүгүр өзүмдү жакшы эле сезип жатам, баарыңарды эмдөөдөн өтүшүңөрдү чакырам, жалган маалыматтарга ишенбегиле, бул үрөй учурган илдеттен эртерээк арылалы».
Вакцина алуу өнөктүгү бүткүл дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлүп жатат.
COVID-19 вакцина
Нурзат Момуналиева