Ковид-19 вирусунун башталышы менен Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын алдында райондук штаб уюшулган. Анын төрайымы – Орозбакова Бактыгүл Ормуковна. Штабдын максаты оорунун жайылып кетүүсүн алдын алуу, дарыгерлерге көмөк көрсөтүү жана эмдөө пункттарын уюштуруу болуп саналат. Штабдын ишмердүүлүгү тууралуу анын төрайымы кыскача төмөнкүлөргө токтолду.
«Райондук штаб уюшулгандан баштап алгылыктуу иштерди жүргүзүп келет. Белгилей кетсек, райондун борборунда эмдөө жүргүзүү боюнча 3 мобилдик топ ачылган, андан сырткары дагы бир топ айылдарды кыдырып жарандарга вакцина сайышат. Учурда районго 7 миң даана вакцина келген, анын жарымы сайылып бүттү. Штаб унаа, күйүүчү май жана тамак-аш маселесин да чечип берген. Дарыгерлерге ар тараптан колдоо көрсөтүлүп турат. Райондо эпидемиологиялык абал канаатандыраарлык. Ал эми бейтаптардын саны бир аз азайып калды. Алардын саны 10-июлда эң көп катталган, бүгүнкү күндө ооруну жугузгандардын саны азайды десек болот».
Райондун борбордук бөлүгүндө эмдөө пункту ачылган, ага бардык калоочулар келип Ковид-19 вирусуна каршы вакцина алса болот.
Медайым: «Вакцина алууну каалагандардын саны күндөн-күнгө өсүүдө»
Бакыт Кожокматов