Суусамыр айыл аймагында COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 314тү түздү. 38 адам экинчи жолу коронавирус илдетине чалдыккан.
Суусамыр айылдык оорукананын башкы мед айымы Назгүл Кадыркулова айылда экинчи жолу коронавирус илдетине кабылган адамдар бар экендигин төмөндө айтты:
“COVID-19 илдетине кайрадан чалдыгуу мүмкүн. Эгерде бейтаптын иммунитети алсыз болсо вирусту жугузуп алуу коркунучу бар. Суусамыр айыл аймагында экинчи жолу вируска кабылган адамдардын саны 38ди түзөт.
Учурда Суусамыр айылдык ооруканада абал орточо. COVID-19 вирусуна кабылгандар күндөн-күнгө өсүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин коронавирус илдеттине чалдыккандардын жалпы саны 314тү түздү. Оор абалда райондук ооруканага которулгандардын саны 34. Күндүзгү стационар саат 8:00дон түнкү саат 22:00, 00:00 чейин иш алып барат. 40 адам Суусамыр ооруканасынын стационарда дарыланууда. Күнүгө 60-70 бейтапка тамчылатма дарылары куюлуп жатат”.
Суусамыр айылдык оорукананын мед кызматкери Талайкүл Дүйшеева бул илдетке эки жолу иш убагында кабылган:
Иш убагында пневмония илдетине кабылдым…
Оору күчөп турган убакта иш үстүндө болдум. 2020-жылы пневмония илдетине кабылдым. Дене табым көтөрүлүп, денем ооруп, кичине жерге басканда эле дем алуум начарлап жатты. Рентгенге барып түшсөм эки жактуу пнемония деп чыкты. Даарыланып абалым калыбына келип калган.
Экинчи ирээт ооруганда абалым оор болду…
Экинчи жолу 2021-жылы 30-июнда COVID-19 вирусуна чалдыктым. Бул жолу абалым оор болду. Түнү менен дене табым көтөрүлүп, жүрөгүм айланып, денем ооруп жатты. Өнөкөт ооруң болсо каттуу ооруйт экенсиң. Мисалы менин бөйрөгүм ооруп жатты. Суусамыр ооруканасында кызыл зона ачылбагандыгына байланыштуу мед кызматкелер 30-июнь күнү райондук ооруканага жиберишти. Анткени, мен бул жолу абдан катуу оорудум.
Ооруганга чейин вакцина алган эмесмин…
Мен ооруганга чейин вакцина алган эмесмин. Анткени мен биринчи ооруганда, анализимден антитело көп болчу. Жаш өткөн сайын организмдеги ресурстар, иммунитет алсыз болуп баштайт. Ошондуктан мен кайра оорудум десем болот. Ооругандан кийин вакцинаны 6 айдан кийин алууга болот экен. Бирок мен бул эмдөөгө көңүлүм тартпай жатат. Себеби, бул вирус менен организм өзү күрөшүш керек деп ойлойм. Иммунитетимди көтөрүш үчүн болгон аракетимди жумшап витаминдүү тамактарды жегенге аракет кылып жатам. Абалым жакшы, ишке чыгып мед кызмакерлер элдин кызматында жүрөбүз”.
Айдана Токтобекова