Өлкө аймагында июль айында Ковид-19 вирусуна чалдыккандардын катталуусу жогорку чекке жетти. Дарыгерлердин айтуусу боюнча абал оор бойдон калууда. Бирок 2020-жылдын июль айына салыштырмалуу кырдаал бир аз жакшыраак.
Коронавирус менен ооруп айыккан адам экинчи жолу кайрадан ооруп калышы мүмкүнбү деген суроо менен Кочкор районундагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси Гүлкайыр Чендеевага кайрылдык.
Гүлкайыр Асаналиевна -дарыгер
-Саламатсызбы?
-Саламатчылык.
-Учурда райондо эпидемиологиялык кырдаал кандай болуп жатат?
-Кырдаал бир топ эле оор. Абалы оорлор госпиталга жатышат, күндүзгү бөлүмдөр да иштеп жатат.
-Ооругандардын көбөйүшүнүн себеби эмнеде?
-Жарандарыбыз санитардык эрежени сактаган жок, бет кап тагынбай жатышат, эл көп чогулуп тойлорго барып жатышат, ооруп жаңы айыккандар үйүнө жатыш керек болчу алар деле эл менен аралашып жүрүшөт. Ошондуктан ооругандардын саны көбөйүп жатат.
-Ковид менен ооруп айыккан адам экинчи жолу ооруп калышы мүмкүнбү?
-Ковид –бул грипп сыяктуу оору, ар кандай түрлөрү бар. Мисалы, ковиддин А, Б деген сыяктуу штаммдары бар. Эгерде адам былтыр А түрү менен ооруса, быйыл Б түрү менен ооруп калышы толук мүмкүн.
— Оорудан сактануу боюнча элге кандай кеңеш айтасыз?
-Эң биринчиден вакцина алуу. Вакцина менен гана бул ооруну жеңе алабыз. Кээ бир жарандарыбыз интернеттеги фейк маалыматтарга ишенип эмдөөдөн баш тартышууда. Бул туура эмес. Бардыгыңыздарга эмдөөдөн өткүлө деп кеңеш берет элем.
-Маегиңизге чоң рахмат!
Атын атагысы келбеген Кочкор районунун тургуну эки жолу пневмония менен ооруп калган. Ал төмөнкүлөргө токтолду: «62 жаштамын. Кочкор районунун айылдарынын биринде жашайм. Өткөн жылы июль айында катуу ооруп калдым. Бир айга жакын үйдө жатып айыгып чыккам. Бир ооруган адам экинчи жолу оорубайт го деп ойлогом. Бирок андай эмес экен. Быйыл бейкапар эле жүргөм. Капыстан дагы ооруп калдым. Санитардык эрежени туура эмес сактап, ооруну жуктуруп алдым. Эми эрежени так сактап, вакцина алайын деп чечтим. Бардыгыңар эрежени так сактагыла деп айтат элем. Себеби бул оору абдан коркунучтуу».
Бакыт Кожокматов