Кыргызстанда акыркы айларда азык-түлүк, күйүүчү-майлоочу май, жашылча-жемиш, курулуш материалдары былтыркы жылга салыштырмалуу кымбаттады.
Тактап айтканда бир литр суу май 155 сом болсо, сабиз 100 сомго көтөрүлдү. Мындан сырткары, чөп чабуу, жыйноо, сугат, курулуш иштери өңдүү тармактагы кызмат көрсөтүүлөрдүн дагы баасы өстү. Эгерде бир даана пресс чөптү жыйноо жана түшүрүү 10 сомдон болсо, азыр бул кызмат 15 сом болду. Күнүмдүк жашоо-тиричиликте эң зарыл деген азык-түлүктөрдүн, кызмат көрсөтүүлөрдүн кымбатташы карапайым элге бир топ кыйынчылыкты алып келүүдө.
Бир пресс чөптүн баасы 200 сом
Азык-түлүк эки эсеге кымбаттады
Жашылча-жемиштин баасы дагы эселеп кымбаттады
Баетов айылынын тургуну жеке ишкер Гүлзада Токтогулова пандемия учурунда насыяларды төгө албай кыйналганын айтты. «Негизи пандемия башталгандан бери соода иштери мурдагыдай болбой калды. Эл карыздарын бере албай, биз насыя төгө албай кыйналдык. Карызга берип койсо, азык-түлүккө акчасы жок калат. Айтор пандемия дагы, кымбатчылык дагы элди ар тараптан кысымга алып баратат».
Асылбек Чотуров оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу
Ал эми оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу Асылбек Чотуров:
«Кымбатчылыктан карапайым эл эле кыйналып жатат. Мисалы, чөптү былтыр бир каттамы 1500 сомго тартсак, азыр 2000 сом. Анткени күйүүчү май, тетиктер кымбаттады. Мен кышкысын көмүр тартам. Унаамды ошого дагы даярдашым керек дегендей. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам катары акысыз деле кызмат көрсөтөм. Кышкысын бир тоннадан бекер көмүр түшүрүп берем»,- дейт.
AN92-52 сом, AN80-49 сом, DT-46 сом
Учурда көпчүлүк жерде чөп чабыктын биринчи сезону жүрүп жаткандыктан эл күйүүчү-майлоочу майлар кымбаттыгына карабай сатып алышууда. Анткени башка айласы жок да деген Чынара Токторова «чөп чабылбаса күйүп кетет, анда малына чөп жок калат. Айтор ар тараптан кыскан айласыздык болуп жатат. Майдын кымбаттыгынан жөө жүрүп, ат, эшек минип же велосипед тээп калабыз го»,- дейт.
Барчын Мамытбекова