Тез окуу боюнча тренер, “Данек” китеп дүкөнүнүн ээси Элла Зарылбекова 22 жашта. Ал минутасына 25000 сөз окуйт. Учурда тез окууну өздөштүрүү маанилүү жана заман талабы деп эсептейт. Алдыда тез окуу, жаштардын китепке болгон кызыгуусу боюнча маек курдук.
Мен негизи тез окууну башкаларга үйрөтөм деп үйрөнгөн эмесмин. Өзүм кичинекей кезимен эле китеп окуганды жакшы көргөндүктөн өздөштүрүп алдым. Андан кийин окуу борбору тез окууну башкаларга дагы үйрөтпөйсүңбү деп сунуштап калды. Ошентип, учурда тез окуу курсунда тренер болуп жатам.
Негизи тез окууну өздөштүрүүдө жаш куракка чектөө жок. Бизде азыр бардык эле муундагылар келип үйрөнүп жатышат. 8-14жашка чейинкилер, 14-22 жаштагылар башка топ жана 22-50 жашка чейинки жаш курактагылар арасында тайпалар бар. Буга чейин 4000ден ашык окуучу курсту аяктады. Курсту аяктагандардын арасында менден дагы көп сөз окугандар бар.
Азыр жаштар китеп окуганга кызыкпай калды, китеп окушпайт деген ойго кошулбайм. Учурда китепке басым жасаган жаштар абдан көбөйдү. Китеп окуу маданияты тескерисинче мурдакыга караганда өнүгүүдө десем болот. Азыр жаштар арасында бул багытта көптөгөн долбоорлор ишке ашып жатат. Бир канча иш-чаралар, китеп лагерлер уюштурулууда. Мунун баары жаштардын китепке болгон кызыгуусунан улам.
Бул үчүн эң алгач каалоо керек. Көпчүлүк адамдар орто эсеп менен 150-180 сөз окушат. Жана муну нормалдуу деп эсептешет. Мындай ылдамдык окуу менен тил үйрөнүүдө, жогорку окуу жайда окууда жана башка толгон токой бизге керектүү нерселерде кыйналабыз. Тез окууну айрымдар сөздөрдү калтырып кетүү, аттап-аттап окуу, тексти толук түшүнбөй калат деп ойлошот. Бул андай эмес. Тез окуу машыгуу, өзүнүн ыкмаларын пайдалануу менен көздүн көрүү талаасын кеңейтүү аркылуу ылдам окуу десек болот. Азыркы заманда баарыбыз эле бардык жерде тез-тез болуусун каалайт эмеспизби. Кезек күтүп турсак деле батыраак бизди тейлегенин каалайбыз, интернеттин ылдамдыгы дагы болушунча ылдам болгонун каалайбыз. Китеп окууда дагы тез арада көп маалымат, билим алуу, бир нерсени өздөштүрүү үчүн керек.
Ар бир адамдын потенциалына жараша болот. Менин курсум 14 күнгө ылайыкташылган окуучулардын басымдуу бөлүгү бул аралыкта өздөштүрө алышат. Кээ бир адамдарга убакыт керек. Бирок, алар деле 500-600 сөзгө жетип калып жатышат.
Тез окууда мээнин оң шары дагы сол шары дагы иштейт. Жана ошондой эле маалыматты бат кабыл алууга үйрөнөт. Жөн гана кабыл алып койбостон аны иргегенге багытталган. Тез окуунун башка дагы көптөгөн пайдалары бар эс тутум жакшырат. Бир нерсени ойлонуп жатып, ар кайсыны ойлонбой концентрацияны жогорулатууга жардам берет.
Азыр кардарлар көбүнчө шык берүүчү китептерге кызыгат. Ошондой эле жеке өнүгүүгө багытталган китептерге дагы суроо талап жогоруу. Авторлордон болсо учурда Нуржигит Кадырбеков агайдын китептери өтүмдүү. Андан сырткары азыр башка тилден которулуп жаткан китептер бар алар дагы жакшы өтөт. Китеп алуучулардын басымдуу бөлүгү жаштар.
ЖРТда окуп түшүнүүнү кантип ийгиликтүү тапшырса болот?
Тез окууну өздөштүрүү канчалык маанилүү?
Айгерим Кубатбекова