Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кочкор айылындагы Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп гимназиянын 11- классынын бүтүрүүчүсү Нурай Ашыралиева, жалпы республикалык тестирлөөдөн 205 упай топтогон.

Нурай Аширалиева
Мектеп гимназиянын директору Тынчтыкбек Турсуналиев сертификат жана аттестат тапшыруу аземинде 2021-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө куттуктоо сөзүн айтып кетти:
«Сиздер ушул мектептен жалпы негизги билим тууралуу эң маанилүү болгон документти колго алып, кудайым буюрса, турмуштун даңгыр жолуна аттанганы турасыңар. Көптөн бери күтүп жүргөн ЖРТнын жыйынтыгы чыгып, биздин мектептен 205 упай топтогон бүтүрүүчүбүз Нурай Ашыралиева сыймыгыбызга ээ болуп турат. Албетте ушул көрсөткүчтөрдүн, жеңиштердин бардыгы, билим берген агай-эжейлердин атынан, ата-энелердин жардамы менен келип жатат. Сиздер бүгүн өтө жоопкерчиликтүү жолго аттанып жатасыздар, жолдоруңар байсалдуу, шыдыр, ачык болсун. Сертификаттарды алган соң, каалаган окуу жайларга тапшырыңыздар!»

Тынчтыкбек Турсуналиев
Нинакан Жүндүбаева мектеп гимназиянын физика мугалими Нурай Ашыралиеванын класс жетекчиси Айчүрөк Жумабаева окуучусу жөнүндө сөз кылды:
«Нурай 1-класстан бери эң жакшы окуган, билими күчтүү, өзүнүн денгээли жогору, аракетчил кыз. Дайыма конкурстарга, декадаларга катышып өзүнүн билимин өнүктүрүп турган окуучубуз. 2021 — жылы өткөн райондук олимпиадада тарых сабагы боюнча 1-орунду камсыз кылган, областтык олимпиадада 3-орунду багындырды. Жыл бою кошумча курстарга барып, тестирлөө борборлордон билимин сынап жүрдү. Нурайга ийгилик каалайм, жолу ачылып жакшы кесипке ээ болсо, мыкты адис болот деп ишенем».

Айчүрөк Жумабаева

Сертификаттарды тапшыруу аземи
Нурия Карымбаева